Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус менен ооруган балдарда кездешүүчү сейрек белгилер

Коронавирус менен ооруган балдарда кездешүүчү сейрек белгилер

28-октябрь, 14:08
918 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

COVID-19 менен ооруган балдардагы кездешүүчү сейрек белгилер тууралуу республикалык ыкчам штабдан маалымат беришти.

1. Кусуу жана диарея

Симптом коркунучтуу, анткени суюктуктун 10 пайызын жоготуусу олуттуу кыйынчылыктардын себеби болуп саналат. Ымыркайларда бул өлүмгө алып келиши мүмкүн.

2. Исиркек (кызыл майда бүртүкчөлөр)

Ковиддин адаттагы белгиси эмес. Бул вирустун кан аркылуу тарашынан улам чыгып, исиркектер көбүнчө буттарда пайда болот. Бул өтө ыңгайсыздыкты жаратпайт, бир жумага жакын созулат. Бул учурда ымыркайды улгайган туугандары менен байланыштырбаш керек.

3. Кургак жөтөл 

Бул жаңы төрөлгөн баладагы коронавирустун негизги белгиси. Ал вирус трахеяга, бронхторго, тамакка таасир эткенден кийин пайда болот. Анүстүнө оорунун баштапкы стадиясында былжыр өтө илешчээк болгондуктан, оңой чыгып кете албайт. Ошондуктан, жөтөл кургак болот.

4. Ымыркайда COVID-19дун белгилери бар болсо эмне кылуу керек?

Бир гана туура кеңеш: дарыгерге кайрылуу. Бала ооруканада эч кимге жугузуп албашы үчүн дарыгерди үйгө чакыруу керек. Балада ковид бар экенине кандайдыр бир шектенүү пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылыңыз. Вирус менен тамашалашууга болбойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер