ИИМдин карамагына “Унаа” мекемесин киргизип, кризистик абалдан чыкса болот


“Унаа” мамлекеттик ишканасынын айланасындагы башаламандыктар элди тойгузуп бүттү. Сөгүнгөн эле адамдар. Топурап кезек күтүү. Таңгаласың, атайын эксперимент жасашып, бийликти жаман көрсөтүү амалы жүрүп жатабы? Же дагы кандай саясый оюндар бар? Түшүнүксүз.
Башында айдоочулук күбөлүктү 14 ай окуй турганын жарыялашып, кайра айнып кетишип, 10-12 айга түшүрүштү. Бул боюнча да нааразычылыктар козууда. Муну менен эле токтоп калышкан жок. Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууну айтышып, 083 формадагы справканы толтуруу машакатка айланып, бейтапканаларда эл батпай, каз катар тизилүү жаралды. Кажылдашып, буу бүркүлөт десең. Көпчүлүктүн кыжыры кайнаганда, медициналык кароону жоюп жиберишти. Жапырт жаалдануу сестендирдиби? Анан мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүк кала берсин дешти. Кайра алмаштырууну айтышты... Айтор, элдин башы маң...
Ушунча да башаламандык жаратышабы? Президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев өлө кыйналды окшойт. Бечаранын улам билдирүүсү өзгөрүп, анан калса, орун басары бирди айтат, “Унаа” мекемесиндеги абал болсо такыр башка... Чалмакейлер чалынды эй! Ашмалтай. Эми эмне кылуу керек?
“Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” демекчи, кризистик абалдан чыгуунун оңой эле жолу бар. ИИМдин карамагына “Унааны” киргизип коюш керек. Башында ушундай болчу. Кийин гана бул ишкананын акчасына кызыгышып, өзүнчө кызмат катары бөлүп салышып, калпыстык кетиришкен. Натыйжада, кайрадан “Унаа” мекемесин ИИМге өткөзүп, тыкыр кароого алса болот. “Коопсуз шаар”, “Коопсуз өлкө” долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып аткан министр Улан Ниязбеков “Унаага” тажрыйбалуу кадр коюп, өз көзөмөлүндө ырааттуу башкарып, элге ыңгайлуу шарт түзүп коймок. Бул реалдуулук эмеспи. Ишенимдүү реформа жасоонун жолу ушул.
“Көп суур ийин казбайт, казса да кең казбайт” дейт. Тилекке каршы, дүңүрөңдөшүп эле улам бири “Унаага” чочоңдой беришсе, бүгүнкүдөй чаржайыттык жылдап созула бермекчи. Элди эзбейли да...











