Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рита Карасартова: “Тоталитардык системанын иштеп кетүүсүнө өбөлгө түзүлө баштады”

Рита Карасартова: “Тоталитардык системанын иштеп кетүүсүнө өбөлгө түзүлө баштады”

03-июль, 17:45
2 011 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Ишенимсиз жана жалган маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште кайрадан каралып атпайбы. Бул мыйзамдын так иштеп кетишине ишенсе болобу?

-- Техникалык жагын Кыргызстан жөнгө сала албайт. Фейк аккаунттар менен көбүнчө Жогорку Кеңеште отургандар, “бийликке келем” дегендер колдонот. Ал эми айрым аттуу-баштуу журналисттердин сайттарында жалган, ушак маалыматтар чыгып атат. Ошолорду жөнгө сала албай отурабыз, анан кайдагы мыйзамды айтышат?

-- Бир учурда ушул эле мыйзам долбоорун андагы президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарды эле. Эми бул долбоордун кайрадан көтөрүлүп жатышы эмнеге байланыштуу?

-- Бул мыйзам долбоору президент үчүн өтө маанилүү. Конституция боюнча баарына президент жоопкер болуп, ошол чечет да. Бирок, бизде кайсы бир деңгээлде демократия өнүккөндүктөн, анын калпыс иштерине баа берип, жазып, айтып турабыз да. Ошондуктан ушул нерселерге бөгөт кылуу үчүн журналисттик иликтөөлөрдү басмырлоого, блогерлерди тыюуга, кыскасы, элдин көзүн ача турган адамдарды кысууга багытталган амал. Сөз эркиндигин, эркин ойлонгон адамдарды басуу – тоталитардык системанын иштеп кетүүсүнө чоң өбөлгө түзөт.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер