Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ленара Ниязбекова: “Айыл чарба министрлиги фермерлерди муунтууга киришти...”

Ленара Ниязбекова: “Айыл чарба министрлиги фермерлерди муунтууга киришти...”

27-ноябрь, 21:06
2 572 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз экспортёрлор-импортёрлор "Кыргызленд" ассоциациясынын негиздөөчүсү Ленара айым менен карапайым элдин көйгөйлөрү туурасында маектештик.


-- Кыргыз экономикасындагы, айыл чарбадагы экспорт маселелерин, көйгөйлөрүн көтөрүп келесиз. Учурда мурдагы жылдарга салыштырмалуу дагы сазга терең баткандай болдук...

-- Кыргыз экономикасындагы, анын ичинде экспорт жаатында практикалык аналитиканын чабалдыгы жергиликтүү рынок менен сырткы рыноктун ортосундагы айырма, карым-катыш тууралуу так маалымат жоктугунан, бул тармактагы ар кандай кырдаал саясый популисттиктин, спекуляциянын жана манипуляциянын куралы болуп калууда. Башкача айтканда, билип-билбей кыйкыра берүү, ким көп кыйкырса ошонуку туура (!) деп кутулуу айла-амалдары аксап жаткан экономикабызды өлгөндүн үстүнө көмгөн кылууда. Бул тууралуу биз, кыргыз экспортёрлор-импортёрлор "Кыргызленд" ассоциациясы көптөн бери айтып келатабыз. 

-- “Ишкерликте да саясаттагыдай мафия бар” деп айтып каласыз. Эттин кымбатташына да таасири барбы?

-- Тигил же бул үлкөн ассоциациялар да, тилекке каршы, “крышалардын” астында. Бишкек шаарында же башка чоң шаарларда эттин кымбатташынын бир канча себептери бар: 

1. Өзбекстанга ири мүйүздүү жана ача туяктуу малдарды сатууда контрабанда абдан активдешип кеткен;

     2. Быйыл малдын тоюту, айрыкча жем-чөп өткөн жылга караганда эки эсе кымбат бааланууда.

3. Доллардын курсунун күндөн-күнгө өсүшү; 

    4. Бишкек шаарындагы алып-сатарлардын (перекупщики) иш-аракети тийешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алынбагандыгы. Бул иш-аракеттердин баарынын жогору жагында көзөмөлдөөчү, кызыкчылыктарга бириккен “крышалардын” кошкон салымы чоң. “Крышалар” кимдер? Булар контрабандалык системаны түзүп, бул жаатта системдүү иш алып барган төбөлдөр (айыл өкмөттөн тарта жогорку бийликте отургандарга чейинки өкүлдөр, о.э. “кызылдар-каралар”). Экспортко чыгуудагы кендирди кескен коррупция-бюрократия. Экспорттук системанын дээрлик жоктугу, контрабанданын, алып-сатарлардын үстөмдүгү. 

Ошондуктан ач айкырык, куу сүрөөн салардан мурун аналитикага таянуу зарыл. Бул ач айкырык, куу сүрөөн айрым мамкызматтарга майдай жагат. Себеби, бул алардын коргонуу чаралары. Кыргызстан агрардык өлкө экендигине карабай, бул тармакта (айрымдарын эске албаганда) экспортту системдештирүүгө дарамети жетпей келет. Себептери жогорудагы иш-аракеттер. Мындан сырткары, жасалма дефицитти байма-бай таңуулоо. Анткени Кыргызстанда тамак-ашты импорттоо боюнча чоң-чоң “крышалар” ички рынокту менчиктештирип алгандыктан, биздин фермерлер ар дайым алардын курмандыгы болушууда. О.э. ички кайра иштетүүчү ишканалар бутуна тура албай келишет. Ички рыноктогу башаламандык импортту менчиктештирип, сырткы мамлекеттердин казынасын байытып жаткан аң-сезимдүү аракеттеги чиновниктердин, депутаттардын жана алар менен табакташ болгон ишкерлердин (айрым деп айталы) эмгеги. Бүгүн Кыргызстандагы экспортту да менчиктештирүүгө аракет кылган табакташтар бар.

-- Башка тамак-ашка болгон баалар да кескин кымбаттап жатканынын себеби эмнеде? 

-- Бул болсо, ички рыноктун корголбогондугу, о.э. импортёр-табакташтардын кыянаттыгы. Кыргызстанда адам баласына керектүү баардык азыктар бар. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү муунтуу, кысуу, о.э. жергиликтүү фермерлердин буту-колун тушоо, т.а. атамекендик ишкерликти талкалоо да айрым саясый тараптардын максаттуу иш-аракети болууда... Тигил же бул жарлыкты чыгарарда жетекчи таразанын ташын так коюп, ар кайсы топко азгырылбай, өтө кылдат мамиле кылуусу абзел эле. Бирок, "тилинде мөөрү бар" топтор (алар ар бир тармактарда бар) кандай жетекчи болбосун өздөрүнүн кайырмагына илип кетет. 

-- Жаңы айыл чарба министри эттин кескин кымбатташына бир бөгөт катары сыртка мал сатууга тыюу салды. Сиз кандай көз караштасыз?

-- Бүгүн Токмок базарында мал сатууга ашыккан фермерлер, ноябрдын ызгаардуу таңында калчылдаганы аз келгенсип, үмүт менен күтүп жаткан үй-бүлөсүнө бир токоч көтөрбөй барышат. Себеби, ишенген, үй-бүлөлүк бюджети болгон малы сатылбай калды. Ал эми айрым министрликтерде "байыгандар байый берсин" принциби менен жашаган, кызмат абалынан пайдаланып, жең ичинен тиги же бул байлар менен табакташып алып, жергиликтүү фермерлерди каалагандай калчап, буту-колун тушап жаткан галстукчандардын тизгинин ким тартат? Кычыраган кыш келип жатса, элдин малы өтпөй турса, отун-суусун ким камдап берет? Экспорттук системаны түшүнбөгөн, же контрабандисттик, кызыл кулактык иш-аракеттер менен экспортёрдун айырмасын билбеген эргулдар айыл чарба министрлигин далай жолу шылдың кылып келишти. Ошондуктан айыл чарба министрлигине болгон нааразычылыктардын аягы тыйылбай келүүдө. Бул жолу да айыл чарба министрлиги фермер менен эсептешкен жок. Кендирди кескен контрабанда, кызыл кулактыкты тизгиндөөнү эмес, фермерлерди муунтуунун механизмин тандаптыр. Араңжан, арабөк экспортту талкалоонун жарлыгын чыгарыптыр, жолуң болгурлар десе!..

Айыл чарба министрлиги фермерлердин кызыкчылыгын коргоо, колдоо чараларын көрбөсө, кызыл кулактар менен контрабандисттер фермерлерди игнор кылса, анда калкыбыздын 60-65 пайызын түзгөн карапайым адамдарды ким коргойт?

Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер