Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Президентибиз тарабынан көмүр казууга алгылыктуу жардам, техникалар берилүүдө”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Президентибиз тарабынан көмүр казууга алгылыктуу жардам, техникалар берилүүдө”

26-сентябрь, 09:00
284 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков менен көмүргө байланыштуу көйгөйлөр туурасында маектештик.

-- Кыш жакындаган сайын жылуулук көйгөйү көп айтылууда. Кара-Кече көмүрүн жакпай, Казакстандын алуу боюнча маселелер көтөрүлүүдө. Адис катары сиздин оюңуз кандай?

 -- Жылдан жылга “Кыргызкөмүр” ишканасы өз иштерин так аткарып келе жатат. Өткөн жылы 3 миллион тоннадан ашык көмүр казышты. Бүгүнкү күндө президентибиз, өкмөтүбүз тараптан алгылыктуу жардамдар берилип, жакшы техникалар алынган. Каражат жагынан да жардамдар берилүүдө. Ошонун негизинде Кара-Кече көмүр кесиминде көптөгөн жумуштар жасалып, былтыр кыштан кыйынчылыксыз чыгып кеттик. Быйыл дагы кыш катуу болору тууралуу божомолдор айтылууда. Бирок, кандай болгон күндө да коюлган пландарын “Кыргызкөмүр” ишканасы аткарат. Ошол эле 600 миң тонна көмүрдү Бишкек ТЭЦине берип жатат. Андан тышкары, элге, коомдук мекемелерге тийешелүү көмүрлөрдү даярдап бере алат деп толук ишенем. 

-- Эмне кылуу керек дейсиз?

-- Биринчи кезекте бүгүнкүдөй суроолор жаралбаш үчүн Кара-Кеченин көмүрүн алдын ала маалымдап, жетер-жетпесин тактап, анан Казакстандан канча тонна көмүр аларыбызды аныктаган саясатты жүргүзө турган чоң мекеме болушу шарт. Биз адистер белгилеп айтып келгендей, бул мекеме “Кыргызкөмүр” ишканасынын базасында түзүлүшү шарт. Учурда Кыргызстанда 400дөн ашык лицензия берилген болсо, ошонун ичинен 200дөн ашыгы иштетүү үчүн таратылган. Кыргызстандын баардык булуң-бурчтарында 200дөн ашык көмүр казган ишкана бар. Ошол эле түштүктө жайгашкан Сүлүктү 11 поля, Бешбурхан, Тегене деген көмүр кендерине да лицензиялар берилген. Эми алардын баары жердин алдынан иштетиле турган көмүр кендери да. Азыркы учурда “Кыргызкөмүр” ишканасы өз иштерин так, алгылыктуу аткарып, инвесторлорду да тартып жатат. Биз уккан маалыматка токтолсок, ошол эле Ак-Улак, Бешбурхан боюнча келишимдер, дагы башка тогуз кен менен меморандумдар түзүлгөн экен. Ишти дагы толук кандуу жүргүзүш үчүн, 200дөй лицензия алган мекемелерге “кышында кандай болот? Жылына биз канча тонна көмүр казып алышыбыз керек?” деген суроолорго жооп алыш үчүн “Кыргызкөмүр” ишканасына кошумча функцияларды бериш керек. 

-- Кара-Кеченики менен Караганда көмүрүнүн сапаттарынын айырмачылыгы тууралуу да ой бөлүшсөңүз?

-- Мен бул темада докторлук диссертациямды да жактагам. “Кара-Кеченин көмүрүн жакканда экология бузулат” дегенден алысмын. Биз стандарттарга кайрылып кете турган болсок, Кара-Кеченин көмүрүнүн күлдүүлүгү 15 пайыз болсо, Караганданыкы 40 пайызга чейин жетет. Бул жерде чоң айырма бар. Экинчиси, Кара-Кеченин көмүрүнүн табы 4000-6000 килокалорияга, казак ташкөмүрүнүкү 6000-7000ге барат. Башкача айтканда, казак көмүрүнүн табы жакшы болгону менен күлдүүлүгү жогору болуп саналат. 1993-жылы көмүрлөр тууралуу катуу изилдөө жүргүзгөнбүз. Ошол кездеги энергетика министри Картайбек Муканбетовдун чечиминин негизинде Кыргызстандын 3 миң тонна көмүрүн ошол эле Кара-Кечеден, Сүлүктүдөн алып келип, Бишкек ЖЭБине жакканда, жакшы күйгөн. Бишкектин түтүн көйгөйү жалгыз эле көмүргө байланыштуу эмес. Эл деле таза эмес көмүрдү албайт. Борбор калаада унаалардын көбөйүшү, текстиль, курулуш материалдарынын жагылышынан улам экология жабыркап жатышы ыктымал. Кара-Кече көмүрүн жагуу боюнча маселенин көтөрүлгөнү бул таптакыр туура эмес. Ал эми таза көмүр болсо, ал түтөбөйт. Кара-Кече көмүрү келиши керек. Биз кыштан чыгышыбыз зарыл. Электр жылыткычтарга да чектөө коюлуп жатат. Борбор калаада жайгашкан үйлөрдүн жок дегенде 14-20%ы электр менен жылытылат. Алардын тарифи да жогору. Эми аларды да пайдаланбай, Караганданын кымбат көмүрүн жаксак деле экологиябызды бузабыз. Ошондуктан "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына көмүр менен камсыздоо боюнча бардык жоопкерчиликти берип, кошумча функцияларды ыйгаруу зарыл. Алар жаз алды менен план түзүп, калкты көмүр менен камсыздоо боюнча иш алып бара беришет. Ошондо бул багыттагы көйгөйлөр жаралбайт эле. Ошол эле ташкөмүр Кыргызстандагы Жыргалаң шахтасында бар. Анын запасы 19 миллион тонна, өлкөнү көмүр запасы боюнча толугу менен камсыздап, экспортко дагы чыгара турган потенциалы бар экенин эске алалы. 


Гүлжан Төрөбаева 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер