Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 20 жаштагы мигрант кыз көз жарды, мындан ары кантет?

20 жаштагы мигрант кыз көз жарды, мындан ары кантет?

27-июль, 18:39
1 871 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Екатеринбург шаарында кыргызстандык аял ижарага алынган батирде көз жарды. Ал ооруканага кайрылууну каалабагандыктан ижарага алган үйдө төрөгөн.

“KP-Екатеринбург” укук коргоо органдары  өз булагына таянуу менен билдиргендей, Екатеринбург шаарындагы батирлердин биринде төрөгөн аял тууралуу маалымат полиция бөлүмүнө “тез жардам” кызматынын дарыгерлеринен келип түшкөн. Аларды окуя болгон жерге коңшулары чакырышкан. Төрөт учурунда кыйналып жаткан аялдын кыйкырган үнүн угуп, өздөрү батирдин эшигин каккылашкан.

Ымыркайдын энеси Кыргызстандын 20 жаштагы жараны болуп чыкты, ал кош бойлуу болуп, доктурга кайрылбай, өз алдынча төрөөнү чечкен. Дарыгерлер келген полиция кызматкерлерине бала таштанды челекте экенин айтышкан. Төрөттөгү аял муну четке кагууда.

Жаңы төрөлгөн ымыркай менен кошо аял перинаталдык борборго жеткирилип, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жаңы төрөлгөн ымыркай өзүн жакшы сезип жатат. 

Бул окуя боюнча тергөө материалдары ИИМден тергөө комитетине өткөрүлүп берилди” деп маалымдашты ЖМКлар.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер