Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Тыналиева мыйзамга баш ийбейби?

Бакыт Тыналиева мыйзамга баш ийбейби?

06-август, 12:00
993 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басарынын 2021-жылдын 31-мартындагы №Кл-1119 протоколдук тапшырмасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 935/1 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылдын 3-майынан 6-майына чейин Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясынын 2019-2021-жылдарга карата ишмердүүлүгү боюнча аудит жүргүзүлгөнү кабарланды. Бул боюнча бир катар суроолор жаралууда.

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2018-жылдын 28-мартындагы №166/51-6 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитүү жөнүндө" токтомун бузуу менен мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес формада банктык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу төлөөнү киргизүү боюнча иш-чаралардын планы мамлекеттик органдар тарабынан 2018-жылы бүтүшү керек эле. Бирок, Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясынын жетекчилиги тарабынан накталай акча менен эсепке алуу операциялары мурдагыдай эле накталай түрдө жүргүзүлүп, 2019-2020-жылдары ЖАКнын кызматкерлерине жана эксперттерине жалпысынан 1 771 875,18 сом эмгек акы төлөнгөн, анын ичинен бюджеттик эсеп боюнча 955 465,46 сом, атайын эсеп боюнча 816 409,72 сомду кандайча чечмелейбиз? Ушундан улам “Б.К.Тыналиева накталай акчаны ЖАКка эмес, башка максаттарга пайдаланганбы?” деген суроо туулат.

2. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясынын ишмердүүлүгүн тандап алуу жолу менен текшерүү жүргүзүүдө эмгек акынын негизсиз чегерилүүсүн жана иш сапарга кеткен чыгымдардын тастыктоочу документтер жок экендигин, башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, накталай акча каражаттарын тендер өткөрбөстөн эсептен чыгарууну көрсөткөнбү? Мамлекеттик сатып алуулар тастыктоочу документтерди, алуучулардын колдору жок экендигин белгилеп, жалпы суммасы 201346,6 сом аныкталганбы?

3. Аудиттин жыйынтыгында Б.К.Тыналиева 2020-жылы пандемия учурунда баардык диссертациялык кеңештердин ишин 2020-жылдын 11-майындагы №29 мыйзамсыз буйрук менен токтоткон, бирок кийинчерээк 2020-жылдын 1-июнундагы №35 буйругу менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган диссертациялык кеңештер узартылды жана улантылды. Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобонун 13-пунктуна ылайык диссертациялык кеңештерди түзүү (кайра бекитүү, ишин токтотуу жана токтото туруу) Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымынын буйругу жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун чечими менен гана таризделет. 

4. Мындан тышкары, аудит белгилегендей, Б.К.Тыналиева 5 жыл иштеген убактысында 12 кызматкер өз каалоосу менен жумуштан кеткен (70%дан ашыгы), болгону 19 адамдан турган чакан штаттык уюм, бул өтө сезилерлик көрсөткүч. Мындай көрүнүш коллективдеги моралдык-психологиялык абалдын начардыгын белгилейт. Анын себепкери жетекчи Б.К.Тыналиева деп эсептесек жаңылбайбыз.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбагандыгы жана мыйзам бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы Б.К.Тыналиева, төрайымдын орун басары С.Наспекова жана бухгалтер А.Садабаеваны жоопкерчиликке тартууну кароо сунушталган. 

Аудиттин жыйынтыгы боюнча эч кандай чаралар КР президентине караштуу УАКнын жетекчилигине колдонулган эмес.

2017-жылдын 11-декабрында Б.К.Тыналиева Кыргыз Республикасынын жогорку аттестациялык комиссиясынын кызматына дайындалган жана анын 2018-жылдын 5-январындагы биринчи чечими жобону бузуу менен Раиса Атамбаевага профессордук наам ыйгарылган. Р.Атамбаевага 2016-жылдын экинчи жарымында докторлук окумуштуулук наам даражасы берилген, б.а. бир жарым жылдан кийин ага профессор наамы ыйгарылган. Мындай көрүнүш окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун талаптарына карама-каршы келет дагы, жобонун негизинде окумуштуулук наам илимий даражаны алгандан кийин үч жылдан кийин гана берилиши мүмкүн болчу.

2021-жылдын 29-апрелинде, бир ай мөөнөттүн ичинде Ж.К.Бакашовага профессор наамы “Адабият таануу” адистиги боюнча ыйгарылган. Бул наам Ж.К.Бакашовага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрага орун басары болуп дайындалган учуруна дал келген.

Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого ылайык, ыйгаруу тартиби 4 айдан кем эмес мөөнөттү кароо каралган. Мунун баары ал жетекчи катары жогорку аттестациялык комиссиядагы мыйзам бузуулардан кийин бийликтин жогорку эшелондорунан “колдоочулук” издеп жүргөнүн көрсөтүп турат. 

Жөнөкөй аспиранттардын, докторанттардын илимий иштери илимий кадрларды аттестациялоо жаатындагы мыйзамдардын баардык талаптарына жооп беришсе да, илимий даража жана илимий наам алуу үмүтү менен айлап күтүүгө мажбур болушат. 

Ошондой эле КР президентине караштуу УАКнын диссертациялык кеңештеринин төрагаларынан жана окумуштууларынан комиссиянын төрайымы Б.К.Тыналиеванын ишке кылган мамилесине көптөгөн нааразычылыктарды пайда кылууда, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу көрүнүшү ачыктан ачык далилденип турат.

Б.К.Тыналиева чындыгында баардык башкаруу функцияларын жеке өзүнө гана топтогон. Ал иштеген мезгилде жогорку аттестациялык комиссиянын, азыркы КР президентине караштуу УАКнын төрагалык милдетин аткаруунун мыйзамдуулугу боюнча бир дагы комплекстүү текшерүү жүргүзүлгөн эмес.

Аудит КР президентине караштуу УАК сыяктуу жабык мамлекеттик органдын ишинин чыныгы абалын ачыкка чыгара алат деп ойлойбуз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер