Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кезексиз шайлоо болсо, Кадырбековду динчилдер менен сырткы күчтөр колдошобу?

Кезексиз шайлоо болсо, Кадырбековду динчилдер менен сырткы күчтөр колдошобу?

10-июнь, 23:30
387 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билсеңер керек, убагында “Ыйман нуру” партиясы парламенттик жарышка чыкканда эч ким деле маани берген эмес. Көптүн бири катарындай көрүнгөн. Бул саясый күчтү лөктөр тоготушпай, акырында эмне болушту? Ооба, чечүүчү ыңгайда жыйынтык көрсөтүштү. Көрсө, кептин баары тереңде жаткан тура...

Акыркы кезде башаламан диний агымдар күчөп, калың катмардын мээси айланып жаткан чагы. Мындай шартта “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков тынымсыз элди кыдырып, көпчүлүктөн упай алып, аброюн өстүрүүдө. Ансыз да саясый рейтинги Кыргызстандагы алдыңкы он саясатчынын катарына кирет. Соңку убакта мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болору тар чөйрөлөрдө айтылууда. Бийликтегилер кандай кызыкчылыктарды көздөп калышканы азырынча белгисиз. Ич ара эмне түкшүмөлдөр, ыйкы-тыйкылар орун алганы убагы келгенде ачыкталабы? Ал эми диний багытка терең сугарылган 60 пайыз элибиздин жарым-жартылайы Нуржигитти колдосо, сырткы күчтөрдүн жөлөк-таягы менен алдыга суурулуп чыгышы мүмкүнбү? Чоң оюндун “чоору” сырттан тартылып жаткан жокпу? Атайын адаштыруу сценарийи алдыртан даярдалуудабы? “Шайлоо” десе шанаңдагандар арбын го? Айтор, олуттуу ойлор, орошон суроолор жаралууда. А көпчүлүктү артынан ээрчиткен, тили буудай кууруган Нуржигит Кадырбеков демдүү саясатын улантып, шайма-шай маанайда жүрөт. Сыягы, билгени бар...  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер