Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүркүрөгөн кванттык доор, же кыргыз илими жан кейиткенде...

Дүркүрөгөн кванттык доор, же кыргыз илими жан кейиткенде...

20-январь, 21:59
740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы 2025-жылыбыз БУУ тарабынан “Эл аралык кванттык илим жана технологиялар жылы” деп расмий жарыяланды. Анткени, быйыл кванттык механиканын жаралганына 100 жыл толду. БУУнун мындай кадамынын негизги максаты – бул адамзаттын тарыхында эң бараандуу илимий окуя болгон кванттык теорияга өзгөчө маани берүү, анын ар бир адамга тийгизген касиетин татыктуу баалоо болуп саналат. Аталган илимий феномен чагылгандай тездикте 1925-жылы дүйнө физиктерин багындырган. 1928-жылга чейин элементардык микробөлүкчөлөрдүн механикасы катары кабыл алынган бул теория Ньютондун классикалык механикасын толугу менен алмаштырууга жетишкен. 

Немец физиги Макс Планк 1900-жылы атомдун нурдануу энергиясы дискреттик түрдө гана тарай турган (жашайт) гипотезаны сунуштаган. Ошол дискреттүү субматерияны атактуу Альберт Эйнштейн “квант” деп атаган. 1923-жылы француз Луи де Бройль микробөлүкчөлөр толкундук касиетке ээ боло алышат (!) деген түшүнүктү далилдеген. Натыйжада, ошол кездеги жаш физиктер Нильс Бор (Дания), Вернер Гейзенберг, Макс Борн, Паскуаль Йордан (Германия) жана Эрвин Шредингерлер (Австрия) кванттык механиканын негизги мыйзамдарын орнотушкан. Ошондон баштап бүгүнкү күнгө чейин толкундук жана матрицалык кванттык механика бири-бирине атаандаш жарышып, татыктуу жашап келишет. Андан соң кванттык механиканын үч мыйзамы – аныксыздык принциби (В.Гейзенберг, 1927), тыюу салуу принциби (Вольфганг Паули, Австрия, 1925) жана толуктоо принциби (Н.Бор, 1927) ачылган. Ал эми 1928-жылы англиялык физик-теоретик Поль Дирак электрондун релятивисттик теориясын түзүп, кванттык механика менен Эйнштейдин атайын салыштырмалуулук теориясын өз ара айкалыштырган. Ушундай кылымда бир жолу эле жасалуучу физикалык феномен болгону үч эле жылда жаралып отурат. Ошол мезгилди “физиканын алтын доору” деп атап коюшкан.

Азыр кванттык физика илимдердин баардык түрлөрүнө таасир берип, жаратылыштын түзүлүшүн изилдеген универсалдуу курал болуп калды. Оор ядролордун ажыроо жана жеңил ядролордун синтез реакцияларынын табиятын бир гана кванттык теория түшүндүрө алат. Натыйжада, согуштук атомдук, термоядролук куралдар (тилекке каршы), АЭСлар, ж.б. эбегейсиз арзан, эффективдүү энергияларды алуу булактары жаралды. Лазерлердин түрлөрү жасалып, алар азыркы жаңы технологияларды ачып берүүдө. Квант физикасы заманбап электрониканы жаратты. Алар: интегралдык схемалар, транзисторлор, микропроцессорлор, ж.б. Азыркы медицинаны электрондук микроскопсуз, ЯМР-томографсыз, позитрондук спектроскопиясыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Бүгүн кванттык компьютерлерди жасоого, кванттык эсептөөлөрдү жана байланыштар түзүүгө, криптографияга эбегейсиз зор көңүлдөр бурулууда. Жасалма интеллект, нейрондук сеттер дал ушул кванттык физиканын негизинде гана жаралды, ошого катар дүркүрөп өсүп бара жатат. 

БУУнун быйылкы демилгеси прогрессивдүү адамзатты абдан зор шыктандырып салды. Күн сайын укмуш иш-чаралар, илимий изилдөөлөр, билим берүү системасындагы жаңы окутуу ыкмалары сунуш кылынууда. Аттиң ай, биздин Кыргызстаныбызда гана жымжырттык өкүм сүрүп турат! Убагында дүңгүрөгөн физика коому кайда? “Билим коому” иштеп жатабы? КУИАнын институттарынын демилгелери барбы (?) ж.б. баш ооруткан, жан кейиткен гана суроолор калкып турган кез.


Каныбек Осмоналиев, профессор  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер