Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Парламентке интеллигенция өкүлдөрү эмес, коммерсанттар, кылмышка шектүүлөр келатышат”

“Парламентке интеллигенция өкүлдөрү эмес, коммерсанттар, кылмышка шектүүлөр келатышат”

05-сентябрь, 06:52
686 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Шайлоого аттанган партиялардын тизмесинде баягы эле коммерсанттар, кылмышка шектүүлөр арбын экени коомчулуктун көңүлүн кирдетүүдө. Элге үлгү болчу мугалимдерди, врачтарды, дегеле интеллигенция өкүлдөрүн талапкер катары алып чыгышса болбойт беле?” деген таризде гезитке сурамжылоо кылдык. 

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:

-- Пандемия кимдин ким экенин көрсөттү. Медицинабыздын акыбалы айдан-ачык билинди. Элдин көзү ачылды, шылуун, каракчы, эл ырыскысын жегендерди катарына кошкон партиялар добуш ала алышпайт деп ойлойм. Элеттеги элибиз келечекти түптөө ар бирибиздин милдетибиз экенине көзү жетип турат. Акүйдөгүлөргө арманын айта бергенден майнап чыкпай, үмүттөрү эбак үзүлүп калган, түңүлүп бүтүшкөн. Ар бир айылдагы сатылмайларды тыя алышса эле өлкөбүздөгү саясый бурулуш өзүнөн-өзү болот. Чыгаан, акылы жетик уул-кыздарыбыздын жолу ачылат. Ошондон улам элге чакырык катары “сатылба, кыргыз!” дегим келип турат.

Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу:

-- Бизде Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп бизнес чөйрөсүндөгүлөр жана акча каражаты жетиштүү гана жарандар шайлана алат (!) деп баса белгилегендей таасир калтырат. Муну буга чейинки чакырылыштагы депутаттардын курамынан байкадык. Карасаңыз, дээрлик баардыгы капчыктары калыңдар, бизнесин гүлдөтүп аткандар, кылмыш дүйнөсүндөгүлөр жана башка. Карапайым, эл ичинен суурулуп чыккан, элдин көйгөйүн ичинен билген эл өкүлдөрүн көрө албадым. Анысы аз келгенсип, ууру-кески, кылмышка шектүүлөрдүн жүргөндүгүн элдин баары билип эле калбадыбы. Эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албаган тантыктарчы, тфу ата! Эл аралык аренада кыргыздарды канча ирет уят кылышты. Бу жолу деле партиялык тизмеден идиректүү интеллигенция өкүлдөрүн, карапайым элдин көйгөйүн ичинен билгендерди көрбөй турам. Аларда акча жокко эсе. Бул аларды басынтууга барабар. Дегеле реалдуулукта биздеги чириген системадагы жараксыз, элдешкис көрүнүш. Партияларга “Жогорку Кеңешке ат салышкандардын курамында сөзсүз түрдө мугалим, дарыгерлерге атайын орун бөлүнүп берилүүсү шарт” деген сыяктуу жобо киригизилүүсү зарыл.

Эркин Булекбаев, коомдук ишмер:

-- Өзүңүздөр билгендей, “Жашылдар” партиясы быйылкы парламенттик шайлоого катышпай турган болду. Анын бирден-бир себеби эле өлкөдөгү башаламандык. Анын ичинде парламентке келе турган депутаттар жогору жактан уруксат алып, “добро” берилмейин ал жакка “доступ” жок. Шайлоого катышпасам да, аламанга аттанып аткан партиялардын тизмеси менен учкай таанышып көрдүм. Өкүндүрөт, ар бир партиянын сап башында баягы эле олигархтар, бизнесмендер, капчыктуулар жана мурунку чакырылыштагы такымын жегендер орун алууда. Биз мындай өңүттө жүрүп отурсак, алдыга жыла албайбыз. Парламентке сиз айткан элге үлгү боло турган, өз кесибин ардактаган мугалимдер, дарыгерлер жана интеллигенция келмейин, мамлекет жөндөн-жөн оңоло бербейт. Ууру-кески, кылмышка шектүүлөр мамлекетти оңдомок тургай, кайра артка тартып, иритип-чиритип, жетчү жерине жеткирет. Ушуну көпчүлүк билбей атат. Акырында айтарым, карапайым элим, алданбагыла! Добушуңарды сатпагыла!  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер