Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жеке ишкердин укуктары жана экология чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча...

Жеке ишкердин укуктары жана экология чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча...

12-декабрь, 16:36
709 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 105-беренесине ылайык прокуратура органдары мамлекеттик, муниципалдык жана тергөө органдары тарабынан аракеттеги мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөл жүргүзүү органы болуп саналат. Ал эми артыкчылыктуу багыттардын бири болуп ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо жана экология мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү эсептелет.

КР президентинин 29.01.2021-жылдагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө”, 04.03.2021-жылдагы “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыктарын турмушка ашыруу максатында жер-жерлерде жеке ишкерлер менен жолугушууларды уюштуруу, жеке ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо жана ишкердикке тоскоолдук кылуу маселелери талкууланып туруусу, укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын жеке ишкердикке тоскоолдук кылуусунун алдын алуу көрөсөтүлгөн. Бул багытта Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 11 айында ишкердикти коргоо мыйзамдарынын аткарылышы боюнча үч текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузууларды четтетүү үчүн үч сунуштама келтирилип, жыйынтыгында жети кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан.

Мисалы, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин ТКнын тергөөчүлөрү тарабынан ишкерлердин аракеттерине карата сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча КР “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын, КР өкмөтүнүн 27.07.2016-жылдагы №417 токтому менен бекитилген “Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун” убактылуу эреже талаптары бузулган, тактап айтканда, тергөөчүлөр прокуратура органдарына текшерүүнү дайындоо боюнча каттоодон өткөрбөй туруп тергөө амалдарын жүргүзүшкөнү аныкталган. Бул факты боюнча прокурордук чара көрүү актысынын негизинде Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин ТКнын тийешелүү кызматкери “катуу сөгүш” тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Райондук прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын ишкердик субъекттерин колдоо боюнча ишеним телефону иштейт. Телефон: 0(312)62-20-00.


Экология мыйзамдары боюнча

2022-жылдын 11 айына карата райондук прокуратура тарабынан жети текшерүү жүргүзүлүп, он бир мыйзам бузуу аныкталган. Райондук прокуратура тарабынан мыйзам бузуучулукту четтетүү максатында алты талап жана бир сунуштама келтирилген.

Айлана-чөйрөнү коргоо максатында, КР өкмөтү тарабынан 05.01.2021-жылы "Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда 2021-2023-жылдарга экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын планы" (мындан ары – план) бекитилген.

Аталган планга ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү жагы жүктөлгөн. Бирок, жооптуу кызмат адамдары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн план тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй келүүдө.

Мисалы, "Репортер" интернет-порталында, 10.09.2022-жылы "Курган көчөсү боюнча таштандылар алынбайт", “Мадина” базарынын жанындагы таштанды тоо болуп баратат”, 07.09.2022-жылы "Аламедин-1де таштанды эмне үчүн тазаланбайт?" деген макалалар жарыяланган. Бул көрүнүш Бишкек шаарынын тургундары тарабынан негиздүү нааразычылыкка алып келет. Анткени бул бөлүнүп келген.

Жогорудагы көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн райондук прокуратура текшерүү уюштуруп, анын жыйынтыгы менен 15.08.2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын "Тазалык" ишканасынын дарегине мыйзам бузуучулуктарды четтетүү жөнүндө талап келтирилген. Бирок, ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкерлери бул мыйзам бузуучулукка белгиленген тартипте чара көрбөй келгендигинин себебинен, интернет булактарына шаар тургундарынын нааразычылыктары орун алган. Ушундан улам, райондук прокуратура тарабынан 15.09.2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясына мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама киргизилип, кароонун жыйынтыгы менен бир кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Жогорудагы багыттар боюнча райондук прокуратура тарабынан мындан ары да үзгүлтүксүз иш-аракеттер жүргүзүлө бермекчи. 

Свердлов районунун прокуратурасы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер