Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынай ӨМҮРБЕКОВА, вице-премьер-министр: “Билим берүү тармагын мамлекет 90 пайыз каржылап жатат”

Алтынай ӨМҮРБЕКОВА, вице-премьер-министр: “Билим берүү тармагын мамлекет 90 пайыз каржылап жатат”

07-октябрь, 08:53
484 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Алтынай айым, октябрдын башы менен токтом кабыл алынып, пенсия, мугалимдердин маянасы көбөйтүлдү. Бирок, азыртан эле “төлөнчү кошумча сумма биринчи жарым жылдыкка табылды, кийинки жылга дагы керек” деген маалыматтар айтылып жатат. Каражат таппай калып, кийинки жарым жылдыкта пенсия, мугалимдерге маяна төлөө үзгүлтүккө учурабайбы?

-- Булактар аныкталып, табылды. Ошол себептен үч айга: октябрь, ноябрь, декабрь айларына 1 млрд. 700 млн. сом каралды. Ал эми 2020-жылдын бюджетинин контролдук цифралары каралып жатканда, калган 7 млрд. сомго жакын акча бар экени тастыкталды. Сумманы табуу каржы министрлигинин иши болчу, алар ушундай маалымат беришти. Кыскасы, бул сумма кийинки жылдын бюджетинде каралды. Ошондуктан, мугалимдердин маянасын төлөөдө калпыстык кетпейт. “Булак жок, акчаны кайдан табасыңар?” деген суроолорго коркунуч жок экенин айтуудабыз. Агартуу тармагындагылардын айлыгы 30 пайызга көбөйгөнү жакшы кадам болду. Аз да болсо мугалимдерибиздин эмгегин баалагандык.

-- Маянаны көбөйтүү кандай тартипте ишке ашат?

-- Мугалимдердин окуткан саатына көбөйөт. Система ошондой каралды. Мугалимдердин сааттарына мурун 67,5 сом төлонсө, азыр 95 сом төлөнөт. Ал жерде да кетагорияларга бөлүнөт. Орто билимдүү мугалимдер 30 пайызга көбөйгөн сумма менен эми 78 сом, 67,5 сом алган мугалимдер 95 сом алышат. Ошондой эле, союз убагында педагогикалык окуу жайларды бүткөн, ошол кездеги дипломдору бар мугалимдер 67,5 сом алышса, магистратураны бүткөндөр 75 сом алышчу. Ошолордун баарын бирдиктүү 95 сомго көбөйттүк. Мугалимдерге төлөнүүчү дагы бир каржы булагы – бул стимулдаштырылган фонд. Анда бир нече индикаторлор бар. Билиминин сапатына, мугалим өз ишинде канчалык жаңы технологияларды колдонгонуп сабак өткөндүгүнө жараша да айлыктын өлчөмүнө 10 пайыз дагы кошулуп төлөнөт. Мыдан ташкары, дагы фонд каралып жатат. Мында ар бир предметтик мугалимдин окуучусу республикалык же эл аралык олимпиадаларда жеңүүчү аталып, жетишкендиктерге жетишсе, ал мугалимге дагы сый акы төлөнөт. Бул сый акы айлыгына канча пайыз кошулуп төлөнөрүнүн жобосун жакында иштеп чыгабыз. 

-- “Жаш мугалимдердин депозити” деген программа каржы жогунан токтоп калган экен, ал программа кайра жанданабы?

-- Буюрса, ал программа дагы иштей баштайт. Бул программа алыскы региондордогу мугалимдерге жакшы жөлөк, стимул. Негизи каралган баардык программаларды ишке ашырганга өкмөт максат коюуда. Бүгүнкү күндө биздин эң негизги приоритет – бул билим берүү тармагы. Өкмөттүн токтомуна, бюджеттик каржылоонун стандарттарына ылайык, ар бир бала мектептен каржыланыш керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бизде 3 млрд. сомго жакын акча төлөнбөй жатат. Ошону да толук кандуу төлөп берүү өкмөттүн алдына койгон максаты, милдети. 100 пайыз төлөнсө, анда фонд, мыйзамсыз акча чогултуу маселелери жоюлат.  

-- Баса, билим берүү жана илим министри мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салган буйрук чыгарды. Ишке ашарына ким көзөмөл кылат?

-- Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам бар. Мектептердеги фонддор, ата-энелердин фонду ошол мыйзамга ылайык түзүлгөн. Бул жерде ошол фонддорго аралашып, кээ бир учурларда мектептин директолору, мугалимдер жамааты киришип, ата-энелерге “фондго акча төккүлө” деген тапшырма берип жатышат. Бул мыйзамга ылайык келбейт. Фонд өз ыктыяры менен түзүлө турган, түзөбү-түзбөйбү, ата-энерелер гана чече турган иш. Министрдин буйругу ошого багытталган. Эч кандай мугалимдер, директорлор акча чогултууга тийешеси болбошу шарт. Анткени, мектептердин баарына керектүү муктаждыктарга, билим берүү тармагына мамлекеттен 90 пайыз төлөнүп берилет. 


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер