Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шарабидин Токтосунов: “Мадумаров партиядан 15-тизмеге чейин орун берди”

Шарабидин Токтосунов: “Мадумаров партиядан 15-тизмеге чейин орун берди”

06-август, 01:31
1 038 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу кыргыз элим, мен сиздердин алдыңыздарда ийилип таазим кыламын. “Айтпай эле коёюн” дедим эле, айтканга мажбур кылып жатасыздар. Анткени, мени “туура кылдың, колдойбуз” дегендер да, “туура эмес кылдың” дегендер да болуп жатат. 

Мен Садыр Жапаровду 12 жылдан бери билем. Биринчи 4 жылда анча-мынча укугун коргогон болсом, 8 жыл такай укугун коргодум. Бир эле Садыр Жапаровдун эмес, тарапташтарынын, туугандарынын, анын колдоочуларынын укугун коргоп, ар кандай саясый чогулуштарда, курултайда, Садыр Жапаров саясый туткун экендигин далилдеп келдим. Садыр Жапаровдун 2-инстанциядагы сотуна чейин гонарар алганмын. Бул 2017-жылдын 15-сентябрына чейин. 12 балага бекер кызмат көргөздүм. 2017-жылдын 15-сентябрынан бери баардыгына бекер адвокат болуп иштеп бердим. 2-мартта камалгандардын үчөөнө бекер кызмат көргөздүм. Садыр жана чындык деген документалдуу китеп чыгарып, ачылышын 50 жылдыгында өткөздүк. Андан кийин "Тирүү легенда" деген ыр жыйнагын чогулттум. 

Шайлоо тууралуу эч кимиси мени менен макулдашкан жок. Эмнеге мени списокко киргизбедиңер? деп сурасам, Садыр Жапаровдун келинчеги Айгүл: Сиздин биз үчүн кылган эмгегиңизди эч качан унутпайбыз. Алдыңкы тизмеге акчалуулар кирип жатат, шайлоо акчасыз болбойт экен, мен да акча менен кирдим. Сиздин акчаңыз жок, ошондуктан маселеңиз чечилбептир деди... Кантип чыгарасыңар? дедим. Парламентке барып, сүйлөшүп чыгарабыз дейт. Мени канчанчы тизмеге коштуңар? десем, эртеси айтабыз деп, 32-тизмеге киргенимди айтышты. “Сүйлөшүп чыгаруу мыйзамга туура келбейт, депутаттын мыйзам чыгарганга укугу бар, мага уруксат берсеңер, бөлөк партиядан өзүмдүн кандидатурамы коюп, Садыр Жапаровду чыгарганга аракет кылайын” десем, алар макул болушту. Мен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен сүйлөштүм, ал С.Жапаров боюнча менин баардык сунуштарымы колдой турганын айтты. Андан тышкары, Садыр Жапаровдун моюнун, 2 колун кескилегенде дагы саясатчылардан жалгыз Адахан Мадумаров бийликке сүр көргөзүп, Жапаровду коргоп, чындыкты айтып чыккан. Мына ошондуктан "Бүтүн Кыргызстан" партиясын тандадым. Менин акчам жок деп айттым. Менден 1 сом акча сураган жок. 1ден 15-тизмеге чейин орун бере турган болду... 

Шарабидин Токтосунов, адвокат

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер