Орозайым Нарматова: “Менин курбум күчүк, мышыктардын буюмдарын сатып, жакшы акча табат”
Жаштар үчүн азыркы кылымда жашоо бир тарабынан абдан оор, бир тарабынан жеңил. Моралдык жактан оор, анткени бири-бирине ишенүү, достук, ачык мамиле түбү барып саткынчылык менен аяктаган учурлар көп кездешип жатат, бирок билим алып, тил үйрөнүп, ар кандай программалар менен чет өлкөдө окуп, жакшы каражат табууга мүмкүнчүлүк абдан көп. Мен инилериме "жок дегенде фотошопту, видео-фотомонтаж жасаганды үйрөнгүлө, интернеттен NFT сүрөттөрүн жасап, форекстен соода кылып, интернет дүкөн ачып, ар кандай оңой жол менен билимди иштетип, акча тапсаңар болот" деп көп айтам. Албетте, ага дагы сабырдуулук, жөндөмдүүлүк жана шык керек. Жаштыкта убакытты бекер өткөрбөй, изденүү менен алек бололу. Азыркы учурда базарлардын ордун интернет дүкөндөр басып жатат. Айрыкча Дордой, Кара-Суу базарларындагы көптөгөн товарларды интернет дүкөндөр аркылуу жакшы баада сатып, каражат тапса болот. Бул тууралуу интернетте толгон-токой маалыматтар бар. Изденүүдөн эч качан чарчабаш керек. Менин курбум чет өлкөлүктөрдүн күчүк, мышыктарына ылайык буюмдарды сатып, кийимдерин сатып, жакшы каражат табат.
Мына ушундай достор, интернетте бекер эле Тик-ток, Инстаграм чукулап эле убакыт өткөрүп, жаман комментарий жазып, бирөөлөрдүн ийгилигине суктанып эле отура бербестен, өзүбүз да ийгиликтүү болууга умтула берели”.