Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назгүл Турдубекова: “Бала алсыз үй-бүлөдө чоңойгондуктан абал да татаал”

Назгүл Турдубекова: “Бала алсыз үй-бүлөдө чоңойгондуктан абал да татаал”

15-февраль, 20:17
635 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Баланын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук уюмунун директору менен маек.

Сокулук райондук аймактык ооруканасына наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган. Окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

-- Назгүл айым, Сокулуктагы мыкаачылык менен ур-токмокко алынган эки жашар бала көпчүлүктү түйшөлдүрүүдө. Окуяга сиздер тараптан кандай баа берилүүдө?

-- Кесиптештерим менен ооруканага бардым, баланын атасы, апасы менен жолугуштум, бала алсыз үй-бүлөдө чоңойгондуктан абал да татаал. Бала үчүн бул тозок. Туугандары баласын ээнбаштыктан коргой албагандан өткөн жаман нерсе жок. Атасы баласын убагында ооруканага алып келгени жакшы. Бала эки жашка да чыга элек экен, 1 жаш сегиз айлык болуп чыкты. Биз учурда баланын ата-энесине укуктук жардам берип жатабыз. Тергөө иштери тыкыр уланып, жакынкы күндөрү дагы толук маалымат айтылат деген ишеничтемин.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер