Артур Медетбеков, генерал: “Өз символдорубузду сактай албасак, мамлекеттин аброюна доо кетиребиз”

-- Артур агай, белгисиз адамдар тарабынан 30-майга караган түнү Сузак районундагы №4 жана №88 орто мектептердин жана Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттин символу болгон желек өрттөлүп, ордуна араб жазуусу бар ак мата илишти. Бул иш экстремисттик-террористтик уюмдардын колунан келдиби же?..
-- Кыргыз Республикасынын желегин өрттөп, анын ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип койгону – чоң кылмыш жана мамлекетибизге жасалган коңгуроо. Муну ким жасаса дагы жазалап, башкаларга сабак болгудай кылыш керек. Ошондой эле териштирүү иштерин так жана адилеттүү жүргүзүп, кимдер эмне үчүн андай ишке барганын аныктоо зарыл. Желектин ордуна илинген ак матадагы жазууну да окутуп, маанисин сөзсүз чечмелеш керек. Себеби, бул нерсени жаштарды тымызын экстремисттик-террористтик уюмга тарткандар мамлекетке кыр көрсөтүш үчүн атайын жасатышы да мүмкүн. Ошондой эле бейбаш же хулиган балдар мелдешип, акылдан азган оюндардын айынан акча үчүн жасашы да ыктымал. Эгер кылмыштуу топтордун колу менен жасалган болсо, бул дагы ойлоно турган маселе. Кимдин колунан мындай иш келсе дагы, желекти өрттөө чоң кылмыш. Ошон үчүн аны жасагандарды таап, катуу жазалаш керек.
-- Эл арасында “Сузактагы желекти өрттөгөн жосунсуз жорукка муфтият кеч көңүл бурду. Андагы терс көрүнүштү тымызын колдоп жатышабы?” деген ойлор, шек саноолор көп айтылды. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
-- Эгер желекти өрттөгөндөрдүн жергиликтүү имамдарга же муфтиятка байланышы бар экени чын болсо, аларды дагы жоопкерчиликке тартып, акылга сыйбаган ишти кимдер жасаганын массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялаш керек. Себеби, желек, герб, гимн – Кыргыз мамлекетинин символдору болот. Алар мамлекет экенибизди, эгемендүүлүгүбүздү дүйнө жүзүнө тааныткан атрибут болуп эсептелет. Кыргыз жараны болуп туруп өз символдорубузду баалап-барктап, сактай албасак, мамлекеттин аброюна доо кетиребиз. Ошон үчүн мындай ишти жасагандарды таап, жасаган ишине өкүнгүдөй кылып жазалаш керек.
-- Баса, кечээ жакында эле Казакстан “Талибанды” тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгарды. Бул аргасыздыкпы же кандай кызыкчылыктар бар?
-- Алар “Талибанды” тыюу салынган уюмдар тизмесинен жөн эле чыгарып койгон жок. Бул маселе БУУда дагы каралды. Кандай чечим кабыл алуу – Казакстандын өз эрки. Алар тамак-аш азыктарын, күйүүчү майларды сатууну пландап жатышат. Себеби, Афганистанда климат өзгөрүп, экология бузулуп, өсүмдүктөр да өспөй, тамак-аштын жетишсиздиги орун алууда. Казактар мына ошол жагдайды эске алып, соода-сатыкты жандандырууну максат кылып жаткандай. Афганистандык талибдер Казакстанга эч кандай зыян келтирбегенин эске алып, кандайдыр бир деңгээлде Орто Азияга соода-сатык, экономикалык байланыш түзүү негизде ушундай кадамга барышкандай. Жыйынтыгы кандай болорун келечек көрсөтөт. “Соода-сатык жасайбыз” деген максатта тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарышканы менен бул маселе өтө этияттыкты талап кылат.
"Азия Ньюс" гезити