Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Мурзахалилов: “Кырдаал бийликти күч менен алмаштырууга өбөлгө түзүп коюусу мүмкүн”

Канатбек Мурзахалилов: “Кырдаал бийликти күч менен алмаштырууга өбөлгө түзүп коюусу мүмкүн”

16-август, 23:13
961 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Беларустагы акыркы абал тууралуу кандай ой жүгүртүүдөсүз? 

-- Беларуста бийликти өткөрүп берүү трансформациясы башталды. Анын кандай формада өтөрү азырынча белгисиз. Лукашенко шайлоодо жеңишке жеткени менен экинчи тарабынан бул анын виртуалдык жеңилиши болуп калды. Беларусь лидери бийлигин кармап калат, бирок, мурдагыдай аны кайра чыңдай албайт. Шайлоо өлкөнү экиге бөлгөнү көрүнүп калды. Жөнөкөй эле талапкерди камакка алганда, анын жубайы Лукашенкого негизги аттандаш катары чыгып, шайлоодо экинчи орунду камсыз кыла алды. Бул көрүнүш көп нерседен кабар берет. Бизде трендге айланган “сырткы күчтөрдүн таасири деген учурда дагы эл ойгонду. Бийликти көп жылдар бою мыкчып отурган адамдарды кандай тагдыр күтүп турганын дүйнөдө болгон окуялар көрсөтүп жатат. Мындан ары Беларуста адамдар бирдей болбойт. Алардын аң-сезими өзгөрдү. Кыргызстан бул процесстен эки жолу өткөн. Кырдаалды күч менен басуу жакшы тенденция эмес. Эми адамдардын бир тамчы каны төгүлбөөсү керек. Адам өмүрү баардык бийликтен жогору турат. Бул – жазылбаган чындык.

-- Бизде үчүнчү революция же Беларустагыга окшош абал күтүлүшү мүмкүн эмеспи?

-- Биздин алдыбызда "пандемия учурунда”, “пандемиядан кийинки" деп аталган кыргыз парламентинин жетинчи чакырылышына шайлоо марафону өткөнү турат. Учурда бул жараян башталды. Эми келе жаткан 1,5 айдын ичинде биз дагы эч кандай стресске кабылбашыбыз керек. Шайлоого катышкан партиялардын "босстору" менен алар тандаган талапкерлерден эми көп нерсе көз каранды. 

-- Шайлоо өнөктүгүн эч кандай радикалдуу кайрылууларсыз, регионалдык бөлүнүүгө жол бербей өткөрө алабызбы?

-- Адат болуп калгандай акча таратмайды токтотуп, административдик ресурстарды колдонбой, жээк-жааттык, тууган-туушкандык, уруучулук, жердешчилик принциптерди пайдаланбай шайлоону өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар! Эми аларды ыксыз, чегинен ашыра колдонсок, анда бизди сиз айткан толкундоолор күтүп жатат. Бул көрүнгөн эле чындык. Пандемия июлдун биринчи, экинчи жарымында Бишкекте катуу жүрүп, он миңдеген жарандарыбыз ооруп, миңден ашуун мекендештерибиз көз жумганда баарыбыз бийликтин, саясатчыларыбыздын эмнеге жөндөмдүү экендигин көрдүк. Арадан эки айга жакын убакыт өтүп-өтпөй, шайлоодо дагы бул катаны кайталабашыбыз керек. Бул үчүнчү жолу революцияга, мамлекеттик төңкөрүшкө, бийликти күч менен алмаштырууга өбөлгө түзүп коюусу толук мүмкүн. Жеке мен мамлекет башчысынан кечиктирбестен шайлоого байланыштуу чечкиндүү иш-аракеттерди, программалык билдирүүнү күтөм. Бүгүн баардыгыбыздын келечектеги тагдырыбыз бийликтин позициясынын жана көз карашынын колунда.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер