Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Досбол Нур уулу: “Биз кадр маселесине 30 жылдан бери кайдыгер карадык”

Досбол Нур уулу: “Биз кадр маселесине 30 жылдан бери кайдыгер карадык”

04-сентябрь, 19:47
1 418 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Досбол ага, чын эле мамлекетти мыкты тандалган кадрлар алдыга жылдырабы?

-- Биринчи кезекте мамлекетти алдыга жылдырган – бул кадр маселеси болот. Биз кадр маселесине 30 жылдан бери кайдыгер карадык. Союз мезгилинде Коммунисттик партия кадрлар маселесин абдан кылдаттык менен тандаган. Жөн эле иштеп жүргөн жеринен бир күндө же бир сааттын ичинде түшүрүп салган эмес. Эгемен алган жылдан тарта мындай көрүнүш модага айланды. Бир күндүн ичинде кызматка коюп, ал жакпай калса, бир жума же бир айдын тегерегинде кайра алып салып атат. Ошол эгемен алган алгачкы жылдарда Базар-Коргондо аким болуп иштеп жүргөн кишибиз таң эрте пахта талаасын аралап жүрүп, алдынан чыккан  сугатчыга “сен тиги жерин чала сугарыпсың да, бу жериңди жөн эле суу каптап атат” десе, “сиз мага пахта талаасын кантип сугарышты эми айтпаңыз. Бүгүнтөн баштап аким эмессиз” деп өчүргөн экен. Көрсө, ал акимди кызматтан мурунку күнү кечинде алып коюптур. Бул акимдик деңгээлде. Ал эми мамлекеттикин айтпай тек коёлу. Кадр маселеси штучный даярдалат. Бир эле жылда эмес, көп жылдар бою эң ылдыйкы тепкичтен аста-аста, тажрыйба топтоп, бери жагы 20-30 жылда мамлекеттик кызматка иштегенге даяр болот. Ага чейин жогорку кызматка даяр эмес. Ошондуктан кадр маселесине кылдат мамиле кылсак, мамлекеттин, анын ичинде экономиканын өнүгүшүнө, коопсуздуктун сакталышына кесипкөй кадрлар чоң салым кошот (!) деп ойлойм. 



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер