Кош бойлуу кылып таштап кеткен адам кайра пайда болуп...
Мен да сиздер менен сыр бөлүшкүм келди. Ичиме катып кыйналдым.
Өзүм шаарда чоңойгом. 22 жаштамын. Мындан үч жыл мурда бир жигит менен интернеттен таанышып, кыз-жигит болуп калдык. Мен аны катуу сүйүп калдым. Ал азыр отуз жашта. Тез-тезден келип турчу болду. Анан эле кош бойлуу экенимди билдим. Айтсам, “алдыр, менден эмес” деп ж.б. жагымсыз сөздөрүн айтты. Номер которуп, сүйлөшпөй койдум. Анан “кечир, шок болуп айтып алдым, төрө, анан ата-энеме айтам” деп кечирим сурап келди. Талгак болгонумда баарын алып берип карап жүрдү. Беш ай болгондо Россияга кетти. Анан таптакыр өзгөрдү. Телефон чалсам албай кача баштады. Кийин уулум төрөдүм. “Макул” деп такыр сүйлөшпөй, номер которуп жок болду. Эми арадан эки жыл өтүп, кайра пайда болду. Кечирим сурап жүрөт. Аны азыр да жактырам. Бирок, өткөн кыйналган күндөрүмдү эстесем, жаныма жакындаткым келбейт. Кандай кадамга барсам?
Зейнеп