Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жапарбек Ормонов камалгандан кийин кошоматчылары житип кетишти

Жапарбек Ормонов камалгандан кийин кошоматчылары житип кетишти

22-август, 21:44
7 065 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гезитке Жапарбек Ормонов сындалып жазылып, ал соцтармакка тарагандан кийин кызык эле көрүнүштөр орун алган. “Жугундукорлору” чаң жугузбай макташып, сүрөп жатып калышкан эле. Аягы эмне болду? “Коррупция” беренеси менен Жапарбек Ормонов камакка алынды. Эми кана ошол колдоп жаткан тарапташтары? Ооздоруна талкан салып алышкансып, житип кетишти окшойт. Жашоо ушундай. Ооматы келип турганда кошоматчылар жол көрсөтпөй макташат, анан камалганда “куйрук түйүп” кетишет. Ысык-Көл районунун акими катары Жапарбек Ормонов жакшы иштесе, элге кызмат кылса, камалат беле? “Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” деп бекер айтылбаса керек. Кантсе да сурагы жеңилдесин, мамлекеттен алганы болсо кайра кайтарсын. “Түрмөгө жыландын баласы да жатпасын” деп бекер айтылбагандыр...  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер