Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийлик төбөлдөрү менен намаз окугандарды уятка калтырган Төрөбай Зулпукаров

Бийлик төбөлдөрү менен намаз окугандарды уятка калтырган Төрөбай Зулпукаров

19-ноябрь, 19:09
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” деп кемеңгер элибиз бекер айтпаптыр эй. Анын сыңарындай, ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров беш маал намаз окуп, пакиза көрүнгөнү менен аралашкан адамдары, кылган иши коомчулукту дүрбөттү. Эл аралык издөөдө жүргөн Айеркен Саймаити өлтүрүлгөндөн кийин бир топ былыктар чыгууда. Саймаитинин бизнес өнөктөшү -- Стамбулдагы Кыргызстандын консулу Эркин Сопоков экени ачыкталып, жоопкерчиликке тартылбастан кызматынан гана бошоду. Аныгында, Сопоков менен башынан эле Зулпукаров жылуу мамиледе экенин жашырбай, жада калса анын уулун Жогорку Кеңешке кызматка алган. Сопоковдун Азамат аттуу баласы УКМКда иштеп жүргөндө жөнөкөй жарандарды коркутуп, пара талап кылып, колго түшкөн видеосу интернетке тараган. Мына ушул “үлгүлүү адис” атасынын тоодой досторунун аркасы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылмак тургай, Жогорку Кеңешке кызматка кирип, болгондо да Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы болуп алган. Ошентип, кыңыр иштер кашкая чыкканда коомчулук жипкирип, кимге ишенерин билбей калды. Кыскасы, Зулпукаровдун мындай шектүү адамдарга аралашкан жоругунан кийин бийлик төбөлдөрү да уялып, намаз окугандар жер карай баштадыбы? “Досторуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтайын” деген кеп да тегин жерден айтылбаса керек...

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер