Кыргызстан боюнча 234 мектеп курулуп бүткөндө гана өнүгүү жолуна түшөбүз

Футбол аянтчалары, стадиондор курулганы жакшы. Ден соолукту чыңдагандар арбыса, оору-сыркоо да азаят. Бирок ошол эле кезде Кыргызстан боюнча 234 мектеп жетишсиз экени маалым. Бул боюнча министр Догдуркүл Кендирбаева айтып, бирок маселени кантип чече турганын билбегендей үн кошпойт. Качан гана мектептер жетишип, класстарда болжолдуу 20 окуучудан билим алышса, мугалимдердин адистик сапаты көтөрүлсө, ошондо гана өлкөбүздөгү өнүгүүнү оозансак жарашат. Учурда Бишкек, Чүйгө ички миграция агымы көбөйүп, негизги көйгөйдүн баары ушул жакта. Аймактарда жумушсуздук күч алса, анан элибиз кантет? Бала-чакасын багуу үчүн келип атышат да. Кыскасы, бизде качан гана 234 мектеп курулуп бүтсө, ошондо гана өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн ырастайбыз. Бирок мындай күнгө качан жетебиз? Он же жыйырма жылдабы? Көрө жаталы.
"Азия Ньюс" гезити