Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » COVID-19: Бешинчи протоколдо уу коргошун сунушталган жок

COVID-19: Бешинчи протоколдо уу коргошун сунушталган жок

20-апрель, 12:16
541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча бешинчи протокол бекитилди. Документ саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, протоколго министр Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде кол койгон. Ал 38 пункттан турат жана коронавирусту аныктоо, диагноз коюу, дарылоо ыкмаларын өз ичине камтыйт. Бирок вирустан дарылоодо уу коргошунду пайдалануу жөнүндө сөз болгон эмес.

COVID-19 мутацияланып кетиши мүмкүндүгү белгиленип, бейтаптарга туш келди дары-дармектерди, абалы жеңил жана орто болгондорго антибиотиктерди бербөө керектиги сунушталган. 

Министр Бейшеналиев өткөн аптада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аконит же уу коргошун бешинчи протоколго киргизилиши мүмкүн экенин айткан.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер