Кубатбек Байболов: “Эл аралык сотко кайрылабыз, андан кийин булардын аягын аңдайбыз...”


-- Кубатбек агай, гимн өзгөрө турган болуп калды. Аны өзгөртүүнүн зарылчылыгы бар беле?
-- Биздин мамлекеттик символикаларыбыздын оңдоп-түзөй турган жерлери бар. Алар башка тарыхый абалда, өнүгүүбүздүн башка этабында кабыл алынган. Бирок, элдин алдында не деген күнүмдүк зарылчылыктар: кымбатчылык, жакырчылык, жумушсуздук, айтор, көптөгөн проблемаларды биринчи кезекте чечүү маселеси турганда, байма-бай ансыз да чектелүү ресурстарыбызды алагды кылганыбыз туура эмес. Демилгенин төркүнү, албетте, түшүнүктүү. Жаңы, мурункуларга тийешеси жок, эффективдүү мамлекеттин негиздөөчүсү катары тарыхта калуу кайсы өкүмдарды кызыктырбасын... Бирок, ал далалат экономикадагы, демократиядагы өсүштөр менен негизделсе, элдин эсинде калмак. Абалдын көрсөткүчү бааларда, эл бюджеттин өлчөмүн жонтериси менен эсептейт.
-- Баса, сиздерге тийешелүү базар мэриянын карамагына өткөнү кечээ ачыкка чыкты. Базар турган жерди чындап эле мыйзамсыз алдыңар беле?
-- УКМК өзүнүн рейдерлик акциясын, сотторго болгон чексиз таасирин “1998-жылы жерди чиновниктер менен сүйлөшүп, мыйзамсыз алган” деген эч далилсиз каралоо менен түшүндүрүптүр. Мынча болду эми кыскача айтып берейин.
1991-жылы мен “Дордойдун” үч негиздөөчүсүнүн бири болгом. Жерлерди бирге алганбыз жана Жер жөнүндө кодекстин негизинде менчиктештиргенбиз. 1997-жылы “Дордойдон” бөлүнүп чыкканда үлүшүм, тагыраагы, азыркы булар тартып алган жерлер менен чыккам. Мэрия ошол бөлүнүү токтомунда жерди пайдалануу мөөнөтүн ката көргөзүп койгон. Кийин ал жерлер биринчи чыккан токтом сыяктуу эле болушу керектигин эскертип жазган менин катымдан кийин, катасын моюндап, жаңы токтом чыгарып беришкен.
Бул жагдай алиги зордукчуларга себеп гана болуп берди. Эми минтип алдамчылыкта өздөрүнүн мыйзам бузууларын жапкылары келет. Кана, кандай далилдери бар экен? Кайсы чиновниктин көрсөтмөсү, кандай мыйзам бузуу болуптур? Эгерде чындап мыйзам бузулса, эмне себептен иш козголуп, далилдер ачыкталбайт? Себеби, бул жерде адаттагыдай токуй да алалбай, карандай калптын артына корголошууда.
Мэриянын бөлүкчөсү ДУМИ мэрияны сотко беримиш болуп, бизди карактап жатты эле, эми минтип былыгы чыга баштаганда актанганча шашып, УКМК башында өзү турганын ачыктады.
-- Мындан аркы кадамыңыз кандай болот?
-- Дагы бир сот (ЖС) калды, анан эл аралык сотторго, уюмдарга кайрылабыз. Андан болбосо булардын аягын аңдайбыз...
"Азия Ньюс" гезити











