Улукман Мамытов, эксперт: “Биз дагы деле импортко көз каранды өлкөбүз”


-- Улукман мырза, Кыргызстан экономикасынын эң чоң көйгөйү катары эмнени белгилейт элеңиз?
-- Биз дагы деле импортко абдан көз каранды өлкөбүз. Ар жылы 2,5-3 миллиард доллар өлкөдөн чыгып кетет. Бул каражат сыртка агылган сайын сомдун курсу түшүп, инфляция жогорулайт. Башкача айтканда, биз сырттан автомобилдерге керектелүүчү тетиктерди да, жеп-ичкен тамак-ашыбызды да импорттойбуз.
-- Президент өлкөнүн өнүгүшү боюнча ири тапшырмаларды койду. Алар кантип ишке ашышы керек деп ойлойсуз?
-- Президенттин демилгеси абдан туура. Эми ошол тапшырмаларды кыска убакытта ишке ашыруу үчүн эң оболу өндүрүштү колго алып, кайра иштетүүнү жандандырышыбыз зарыл. Албетте, аракеттер бар, бирок алар бирдиктүү эмес, ирилешпей жатат. Ар ким өз алдынча иш кылууда.
-- “Кайра иштетүү” деген түшүнүктү биз көбүнчө чакан ишкердик менен эле байланыштырып келебиз. Сиз кандай багыттарды көрүп жатасыз?
-- Туура айтасыз, “кайра иштетүү” десе эле картошка же тигүү цехтерин айтып калабыз. Бирок бул түшүнүк андан алда канча чоң. Бизге масштабдуу долбоорлор, ири көлөмдөгү өндүрүш керек. Мисалы, эки багыт менен иштөөгө болот. Биринчиси: ЕАЭБдин кооперативдик ишкерлик долбоорунун алкагында Россия, Казакстан сыяктуу өнөктөштөр менен биргеликте заводдорду куруу. Экинчиси: ошол заводдордон чыккан өнүмдөрдү Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу аркылуу дүйнөлүк рынокторго чыгаруу.
Бул жомок эмес, толук мүмкүн болгон иш. Болгону, мыкты уюштуруучулук, айкын стратегия жана дипломатия керек. Эгер ошол үч багыт туура иштесе, Кыргызстан импортко көз каранды өлкө болуудан чыгып, чыныгы өндүрүшчү мамлекетке айлана алат.
"Азия Ньюс" гезити











