Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнөлүк алкак: Талибандар талак береби, же мууздайбы?..

Дүйнөлүк алкак: Талибандар талак береби, же мууздайбы?..

28-октябрь, 13:57
515 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

-- Афганистандын азыркы саясый абалына баа берүү үчүн бир аз болсо дагы анын эч болбоду дегенде мурдагы тарыхына көз чаптырсак жакшы болот эле. Анан сиз берген суроого өзүнөн өзү жооп табылат.

ХХ кылымдын орто ченинде Афганистанда мурда болуп көрбөгөндөй ырайымсыз ички жана тышкы конфликттер өзүнүн апогейине жетип калган болчу. Анан жараткандан болуп, аларда модернизациянын бир аз жакшы жышааны башталды. Анткени, 1950-1960-жылдары алар цивилизациянын жолуна түшө баштагандай болушту. Ошол кездеги эки сверхдержава АКШ менен СССРдин ортосунда ырайымсыз «муздак согуш» башталып кетип, Афганистан бейтарап абалды ээлеп туруп калды. Бирок, тиги экөөнүн катуу чеңгелинен биротоло чыга алган жок. Геосаясат деген ушул да! СССР Афганистанга согуштук курал-жарак менен машиналарды берди, АКШ болсо адатынча акча менен «көмө» баштады. Ушул  учурда Афганистан акырындан либералдык идеология менен батышчыл багытка оой баштаган. Мисалы, Кабулда демейдеги ылайдан жасалган үйлөр менен катар эле заманбап, кооз имараттар курула баштады. Паранжа менен хиджабдар жоголо турган болуп калды. Афган кыз-келиндери университеттерде окушуп, жүздөрүн ачышып, маданий жана спорттук иш-чараларга катышып калышкан. Мындай сонун прогресс 1970-жылы тык токтоду. Анткени, өлкөдө диний фундаменталисттер баштаган кандуу төңкөрүштөр жана жарандык согуштар башталып кетти. Бул алааматты токтотуп калуунун ордуна АКШ менен СССР өздөрүнүн геосаясаттык оюндарын күчөтүп киришти. Аягында экөө тең шерменде болуп жеңилишип, куулуп чыгышты. 

Эми талибандар бийликте. Болгондо дагы экинчи жолу. Азыр Афганистан дүйнөдөгү эң «ысык согуш аймагына» айланып турат. Ошондуктан биз Кыргызстан аталарыбыздан калган оор басырык менен аларга киришпей эле, же бизди ошол жакты көздөй түртмөлөгөн кээ бир сырткы күчтөргө баш ийбей, өз саясатыбызды жүргүзө беришибиз керек. Мен секулярдык билим саясатын карманган окумуштуу катары дүйнөнү билим берүү менен илимди өнүктүрүү гана сактап калат деген ишеничтемин. Кудайга ишенем. Ал менин жүрөгүмдө. Мага ошол эле жетет!

Жыргалбек Касаболотов, журналист:

-- Биздин душманыбыздын душманы бизге пайдалуу. Алар, мисалы, бизге зыян, бирок тажиктер менен болгон кастыгы бизге пайда.

Канатбек Мурзахалилов, дин иштери боюнча эксперт:

-- Кыргызстандын “Талибан” кыймылы бийлеп турган Афганистан Ислам эмиратына болгон мамилеси БУУ баш болгон эл аралык уюмдар менен абройлуу дүйнөлүк финансылык мекемелердин мындан аркы кадамына байланыштуу болот. Аларга дүйнөлүк коомчулуктун мамилеси кандай өңүттө жүрөрүнө жараша иш тутсак, биз жаңылбайбыз деп ойлойм.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер