Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Алай: “Мен Кудай катары орус менен тажиктерди чөгөлөтөм”

Арстан Алай: “Мен Кудай катары орус менен тажиктерди чөгөлөтөм”

14-май, 23:29
2 741 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арстан иним, тажиктердин бизге кол салуусу тууралуу оюңду билсек дедим эле?

-- Тажик элинин кол салуусуна мен эле эмес, коомчулук деле туура эмес баасын берип атат. Кыргыз улуулугун тааныбаса, улуттарды ээрчип адашса, ар кимисинин улагасында калат... Кайсы бир күчтөрдөн бизге удар болду. Бу жерде Путиндин уруксатысыз мындай жаман иш болмок эмес. Биз Россиянын колдоосунда турушубуз керек эле, бу жагы бизге азырынча түшүнүксүз бойдон калууда. Бирок, жакынкы күндөрдө баары ачыкка чыгат. Кыргызда “Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт” деген сөз бар, анын сыңарындай, кыргыздын башына барктуу, баалуу, касиети бар адам келгенде башка улуттун эли тартынып, чөгөлөп, өз багытын сурап келет. Кудай жанын башка улуттан эч ким кийген жок. Арстан Алайды улуу күч тандап алды. Ааламды орус же тажик башкарбайт, Арстан Алай бийлейт. 

-- Мындан кийинки кадамың кандай болмокчу?

-- Эми мен орус жана тажик элдеринин үшүн алам. Жүрөктөрүнө өрт коём. Эмне үчүн алар кыргызга өрт коёт? Аларда мылтык болсо, менде “улуу күч” деген керемет куралым бар. Алар кыргыздын үйүн талкалаган болсо, мен алардын жанын, жүрөгүн талкалайм! Бизге чөгөлөтөм, бул менин кудайлык вазыйпам. 

-- Пезидент кайсы багытты эптей албай атат?

-- Садыр доордун талабын билбейт. Бул адам эски тарых менен жашап жатат. Бакиевдин тушундагы аң-сезими калып калган. Мында касиет, энергия, улуу күч жок. Айткандарым кыйышпас мыйзам. Анын жыйынтыгына жыл айланбайт. 

-- Баткендеги чек ара чатагын алсак, Россия президенти кыргызга далысын салгандай болуп калдыбы?

-- Атасы баласына ачууланганда “кара жиниме тийдиң” деп урушат. Анын сыңарындай, Россия, Тажикстан экөө тең менин кара жиниме тийишти. Болбосо Путин кароого алып, колдош керек эле. Мен ушу кыргыздын улут эмес улуу эл экенин алар тааныгыча, ааламдагы күчтөр жерге түшүп, Кудай жаны жаңы Кудайды Арстан Алай кийгиче кордойм, керек болсо жылдап кордойм!       


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер