Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канышай Мамыркулова коомдун “санитары”

Канышай Мамыркулова коомдун “санитары”

21-март, 19:39
1 520 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бийликти сындоо жагынан Канышай Мамыркулова сааттын жебесиндей так иштеп, байма-бай Фейсбуктан үн салып келет. “Ала кушту атынан ата” дегендей эле кимиси болбосун ачык жазып, бетке чабар мүнөзү менен өзгөчөлөнүүдө. Оппозиция очорулуп, чындык баштагыдай айтылбай калган чакта, ал коомдогу баардык тармакка кийлигишип, алешемдик жагын ачыктап, тазалыкка үндөп, “санитардык” милдетин аткарууда. Учурда саясый элита, аксакалдар акыйкат сөздөрүн айта албай калган эмеспи. Мындайда бактыбызга Канышай Мамыркулова бар экен. Кырдаалга жараша калыстыгынан тайбай, жат көрүнүштөргө карата курч пикирин билдирип, чыныгы күрөшчүлдүгүн көрсөтүүдө. “Темирди кызуусунда сок” дегендей, кесиптеш эжебиздин эрдигин, эрктүүлүгүн жана профессионалдуу ишмердигин татыктуу баалап, жылуу сөзүбүздү аябайлы. Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза чыккан элдин уучу куру эмес тура. 


"Азия Ньюс" гезити

P.S. Маалымат Канышай Мамыркулова камалганга чейин жарыяланган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер