Илон Масктын Украинада тынчтык орнотуу сунушу талкуу жаратты
Кошмо штаттарындагы “SpaceX” жана “Tesla” компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маск Украинадагы кырдаалды жөнгө салуунун төрт шартын жарыялады. Ал Твиттердеги баракчасына анда Россия аннексиялап алган Украинанын аймактарында Бириккен Улуттар Уюмунун көзөмөлү астында кайра референдум өткөрүүнү, Крымды Россиянын бөлүгү катары таанууну, бул аймакты суу менен камсыз кылып, Украинага нейтралдуу мамлекет макамын берүүнү сунуштап, болбосо, эки өлкөнүн жаңжалы атомдук согуш менен аякташы ыктымалдыгын эскертти. Масктын мындай сунушу жана билдирүүлөрү талаш-талкуу жаратты.
Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк согушту токтотуудагы Киевдин шарттарын жарыялады. Анда Украина Крым баштаган бардык аймагын бошотуп, Россияны демилитаризация жана денуклеаризациядан өткөрүп, аскер кылмышкерлери эл аралык трибуналга тартууну жазды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттердеги баракчасына “силерге кандай Маск жагат, Россияны колдогонбу же Украинага болушканбы?” деп суроо калтырды.
Дүйшөмбүдө Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Украинанын Донецк, Запорожье, Луганск, Херсон жана Николаев облустарынын бир бөлүгүн аннексиялоо тууралуу документти ратификациялап берди.