Акыркы кабарлар
» Саясат » Байден Россия менен Кытайдын алакалары тууралуу оюн айтты
Байден Россия менен Кытайдын алакалары тууралуу оюн айтты
07-февраль, 17:05
489 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌АКШ президенти Джо Байден орус лидери Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин Бээжиндеги жолугушуусунан кийин Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелерге токтолду. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.
Байден Бээжиндеги саммиттен кийин журналисттердин орус-кытай алакалары тууралуу суроосуна жооп берди.
«Мында жаңы эч нерсе жок» деп билдирди америкалык президент.
Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу 4-февралда Пекинде олимпиада оюндарынын ачылышынын алдында өттү. Россиянын президенти кытайлык кесиптеши менен болгон жолугушуусунда Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин болуп көрбөгөндөй мүнөзү тууралуу айтты. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аны жылуу, өнөктөш жана союздаш деп атады.