Бекболот Талгарбеков: “Сот тармагына комплекстүү реформа жүргүзүү зарыл”


-- Бекболот байке, өлкөнүн сот тармагындагы абалын кандай баалайсыз?
-- Эгемендик жылдары бул тармакта комплекстүү жана сапаттуу реформа жасалбай келүүдө. Алгачкы президенттердин бийлигинде олигархтар жана калың катмар ишкерлер жарала элек болчу. Соттор ири пара алганга ыңгайлуу шарттар болгон эмес. Коррупциялык талаа чектелүү эле. Кийин сот тармагындагы адилетсиздик, коррупция Убактылуу өкмөттүн бийлигинде кулачын кеңири жайды. Өз башымдан өткөндү эле айта кетейин. “Мамлекеттик төңкөрүш жасашмак” деген карандай жалаа менен Атамбаевдин бийлиги бизди, “Элдик парламент” уюмунун беш мүчөсүн жалпы 49 жылга соттоткон. Анын үч жарым жылын террористтер менен чогуу абакта отурдук. Кийин бийлик алмашканда ошол эле соттор бизди “күнөөлөрү жок экен” деп толук акташты. Бизден эч ким кечирим да сурабады! Бизди соттошкон прокурор, судьялар дагы эле “жыргап” жашап-иштеп келишүүдө.
-- Учурдагы бийликтин тушунда сот тармагында өзгөрүү болдубу?
-- “Жакшы жагына өзгөрдү” деп айтууга негиз көрбөй турам. Айрым өлкө жарандары, айрыкча ишкерлер адилетсиз чыгарылган соттук чечимдердин азап-тозогун тартып келишүүдө. Биздин байкообузда, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өзү таза иштеп, президенттин ишенимин актоого аракет жасап эле жатат, бирок райондук, шаардык, облустук соттордун адилетсиздиги азаюу жолуна түшө элек.
-- Анын себеби эмнеде?
-- Төмөнкү звенодогу прокурор, судьялар президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тазалануу саясатына саботаж жасап келишүүдө. Мындай көрүнүш биздин башыбыздан да өткөн. Биринчи президент Аскар Акаев 90-жылдары айыл реформасын жүргүзгөндө айрым губернатор, акимдер, көптөгөн колхоз-совхоз жетекчилери айыгышкан саботаж жасашкан. Алар өздөрү жеп-ичүүгө, адилетсиз менчиктештирүүгө жол беришип, “мына, реформа тескери жыйынтык берип жатат” дешип, анын маңызын бурмалашкан, коомчулукка жек көрсөтүшкөн. Бүгүн да сот тармагында ошондой эле сценарийди көрүүдөбүз.
-- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да ушундай эле пикирди билдирип, “эми сот тармагында адилеттүүлүктү орнотуп, коррупцияны жоёбуз” деди го?
-- Ооба, азыркы бийлик олигархтардын, уюшкан кылмыштуу топтордун арка-белин сындырып, эми кезектеги күч-кубатты сот тармагына бурууга белсенип калды. Демек, бул багытта ар тараптуу изилденген мыкты программа иштелип чыгып, аны турмушка ашыруу зарыл.
-- Сиз кандай сунуш бере аласыз?
-- Биринчиден, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге таянып, анын жардамы аркылуу сот тармагында тартипти орнотуусу шарт. Экинчиден, бул жааттагы кейиштүү акыбалды эске алып, президент Садыр Жапаров улуттук илимдер академиясында, ЖОЖдордо иштешкен юристтерден кошуп, мамлекеттик комиссия түзсө болот эле. Ал комиссия эксперимент катары айрым соттук чечимдерди талдап, изилдеп, адилетсиз, коррупцияга баткан судьяларды аныктап чыгуусу зарыл. Президент ал судьяларды катуу жазага тартса, башкалары сабак алмак. Болбосо учурдагы кейиштүү абал улана берет.











