Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Мамытканов, эксперт: “Дыйкандарга каржылык колдоо кылбасак, оңолууну күтпөй эле коёлу”

Бакыт Мамытканов, эксперт: “Дыйкандарга каржылык колдоо кылбасак, оңолууну күтпөй эле коёлу”

15-апрель, 12:35
548 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 -- Азыр жаз айы. Айыл чарба азыктары, жашылча-жемиштердин баалары туруксуз болуп, сатуучуга да, карапайым элге дагы оорчулук жаралбай койбойт. Бул көйгөйлөрдүн түйүнү эмнеде?

-- Биз азык-түлүк коопсуздугунун алдын алып, жакшы көңүл бура баштаганыбызда гана баалар турукташат. Анүчүн жашылча-жемиш сактоочу атайын жайлар керек экенин тынбай айтып келем. Мисалы, көбүрөөк өлчөмдө сактоочу жайда картошка турса, биздин фермер ойлонбой картошка айдап, 12 айга бөлүп коюп сата берет. Бир жылы өтө кымбаттап, же экинчи жылы арзандап кеткен ажиотаж болбойт. 

Биздин баардык эле облустарда союз тарагандан бери жашылча-жемиш сактоочу жайлар курулган жок. Ушул жагынан финансылык колдоо кылбасак, оңолууну күтпөй эле коюш керек. Баанын туруксуздугу улана берет. Бул баардык азык-түлүккө: алмага, алчага, өрүккө, картошкага – баарына тийешеси бар. Союз таркагандан бери жадагалса жүгөрү, буудай сактаганга кампа курулбады. Эгер биздин жаңы технологиялар менен сактай турган сактоочу жайларыбыз жок болсо, эч өнүгө албайбыз. Анан да финансылык колдоо болбосо, биз дыйканчылыкта кара тер төгүп иштеген менен пайда жок. 

-- Жаз алды кандай жашылчаларды эгүү керек? Бизде керектүү кеңештер да берилбейт да...

-- Учурда дыйкандардын кимисинин кандай мүмкүнчүлүгү болсо, ошого жараша эптеп сактап жатышат. Мунун экономикага түздөн-түз зыяны тийүүдө. Себеби, ал жерлер технологиялык процесстерге жооп берген сактоочу жайлар болбогондуктан, жоготуулар көп болот, чирип кетет. Ошондуктан тез арада жашылча-жемиштерди сактоочу жайлар курулбаса, экономикага чоң сокку келип, тескери көрүнүш улана берет. “Сактоочу кампаларды курсам” деген дыйкан-фермерлер арбын. Бирок банктар өтө албай турган барьерлерди коюп коюшат, “күрөөңдү алып кел” деген сыяктуу. Ошондуктан банктан кредит алуунун жол-жоболорун жеңилдетпесек, бул көйгөй токтобойт. 

Элдин саны өсүп жатат. Азык-түлүк коопсуздугунан чоң мамлекеттер запкы тарта баштагандан кийин, демек, оор көйгөйгө биз да тушугабыз. Чет өлкөгө кичине экспорт башталганда эле өзүбүздүн элди камсыздай албай, алсыз жактарыбыз даана көрүнө баштады. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер