Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алимент – баланын татыктуу жашоого болгон укугу

Алимент – баланын татыктуу жашоого болгон укугу

31-июль, 12:56
2 118 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алимент маселеси биздин өлкөдө олуттуу көйгөй болуп саналат. Кыргызстанда 40 миңден ашык алимент төлөбөгөндөр бар, алардын 92%ын эркектер түзсө, калган 8%ы аялдар. Бул туурасында депутат Айсулуу Мамашова билдирди. 


Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандагы ар бир бешинчи нике бузулат

“Анткени, биздин өлкөдө үй-бүлөнү сактап калуу, андагы балдарга кам көрүүгө жетиштүү деңгээде шарт түзүп берүү сыяктуу чаралар жокко эсе. Мисалы, алыс барбай эле коңшу Өзбекстанды алсак, ал жакта бул багытта жакшы  программалар иштеп жатат. Өзбек жарандары никеге туруудан мурун тест тапшырышат, психологго кайрылышат – бул милдеттүү түрдө жасалып, акысыз аткарылат. Баш кошордон мурун алар бири-биринин ден соолугу жөнүндө толук маалымат алышат, муну менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтышат. Ал эми бизде үйлөнгөн жубайлар никеге тургандан кийин гана психологиялык жана ден соолук көйгөйлөрү жөнүндө биле башташат. Мындан улам алардын ортосундагы түшүнбөстүктөр, ажырашуулар көп болууда”. 

Мамашованын айтымында, үй-бүлө институтун түзүүдөгү ушул сыяктуу жагымсыз жагдайлар мамлекеттин жакшы иштебей жатканына байланыштуу болууда. 

“Алимент өндүрүп алууга катышкан мамлекеттик органдар, сот тутуму муну жалпысынан көйгөй катары карашпайт. Бул татаал маселе, алименттин өлчөмүнөн баштап, ата-энелердин жоопкерчиликсиздиги, ошондой эле үй-бүлөнү колдоо, чыңдоо сыяктуу мамлекеттик программанын жоктугу”.


Айрым ата-энелер алимент төлөөдөн качууга аракет кылышат

“Баштапкы, жарандык никеде турган жана балалуу болгон жубайлар ажырашканда балдары үчүн алимент талап кылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин   түшүнүшпөйт. Мыйзам долбоору кабыл алынганга чейин алимент төлөөчүлөр жоопкерчиликтен качып, кирешесинин аз өлчөмүн, алтургай “таптакыр эч жерде иштебейбиз” деп да көрсөткөндөр болчу”.


Бир балага төлөнүүчү алименттин минималдуу чеги 1800 сомду түзөт

“Бүгүнкү күндө бир баланын жашоо минимуму 3600 сомду түзөт. Аймактарда жашагандарга оор болуп калбашы үчүн алардан бул сумманын 50 гана пайызы алынат. Тактап айтканда, азыр бир балага төлөнүүчү алименттин минималдуу чеги 1800 сом. Биздин мамлекетте бир дагы бала 200-300 сом албашы керек”.


Алимент – бул баланын татыктуу жашоого болгон укугу

“Кылмыш кодексине ылайык, ата-энелер баланы багуудан баш тартса, 20 миңден 30 миң сомго чейин айып пул салынат. Мындан тышкары, сот милдеттенмени бузган адамга Кыргызстандан чыгууга тыюу сала алат. Мурунку күйөөлөрүнөн алимент талап кыла албай жаткан энелердин саны көп. Бирок, карызын төлөбөгөндөрдүн арасында аялдар дагы жок эмес”.


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер