Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Шартың болбосо өлүмгө даяр болушуң керек” деген ички лозунг менен жашап калдык”

“Шартың болбосо өлүмгө даяр болушуң керек” деген ички лозунг менен жашап калдык”

31-январь, 15:05
825 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы өтө оор абалда. Түрдүү жугуштуу оорулар күн сайын жайылып, көбөйүп, карапайым адамдар азабын тартып, колунда тыйыны барлары эптеп дарыланып жатса, колунда жоктордун канчасы көз көрүнөө о дүйнөгө узап кетип жатканы жашыруун эмес. Дарыгерлер болсо айлыктары аздыгынан ар бир күнү көтөрүлүшкө чыгууга даяр болуп турушат. Мамлекет саналуу гана чиновниктерге жем болуп, медицина, билим берүү тармактарында таптакыр реформанын жоктугу, айлык акынын өтө эле төмөн болгону коррупциянын гүлдөп-өсүшүнө өбөлгө болуп келет. Мындай абалыбызда дүйнөгө тарап жаткан коркунучтуу дарт коронавирустан Кудай өзү эле сактасын. Азыркы саламаттык сактоо министрлигинин абалы тууралуу айрым серепчилерге кайрылдык.

Талант ӨМҮРБЕКОВ, Бишкек шаардык №3 балдардын клиникалык тез жардам көрсөтүүчү ооруканасынын башкы дарыгери:

-- Азыркы учурда дарыгерлердин айлыгын көтөрмөйүнчө, биздин саламаттык сактоо тармагынан жаңы өзгөрүүнү күтүүгө болбойт. Мен бир нерсени түшүнбөйм, эмне үчүн алар бул маселени жандалбастап көтөрбөйт? Медиктердин айлыгын көтөрсө, ар ким өз ишин так аткарат. Азыр врач бир жарым ставка менен 12 саат иштесе 7,5 миң сом айлык алат. Бул акчага үй-бүлөсүн багып жашай алабы? Анын ою башка жакта болот, “кайдан акча таба калсам?..” деп бейтаптардын “ыраазычылыгын” күтүп жашагандар да көп. Өз иштерин гана аткарышса сонун болмок да. Биздин айлыкты Сабырбек Жумабеков министр болуп келген учурда биринчи эле маселе катары көтөрүп чыккан. Ага чейин айлыгыбыз азыркыдан да өтө төмөн болчу. Андан кийинки министрлер көтөрө алган жок. Өткөн жылдардагы 10-20% дегендери болбойт, анүчүн башкы базалык ставканы көтөрүүлөрү керек. Бизде токтомдор башка, иш жүзүндө таптакыр башка. Дарыгерлердин айлык акысы 25 миң, медайымдардыкы 20 миң, санитарлардын айлыгы 15 миң болмоюнча, эч бир жылыш, реформа болбойт. Ошондой айлык алганда гана алар бейтаптын ден соолугун карайт. Азыр базалык ставка 5 миң эле сом.  

Реанимацияда дарыгер жок. Дарыгер жетишпейт. Эки эселеп айлык төлөп берсе, алар дагы көңүлдөнүп иш алып барышмак. 

Гүлмира ҮМӨТАЛИЕВА, журналист:

-- Саламаттык сактоо министрлигине эл тарабынан нааразычылык көп. Чындыгында реформалар жүрбөй жатканын ооруканага туш болгон ар бир адам сезет. Бирок, медицинада өз ишин сүйгөн адамдар бар болгон үчүн бул тармак  сакталып турат. Мен жеке министрдин ишине ыраазы эмесминжалпы министрликте жасалган иштер көзгө көрүнөрлүк эмес. Адамдардын ден соолугу башкы байлык го. Бирок, бизде жаш балдардын ден соолугуна дагы кыянаттык менен мамиле жасалууда. Эмне үчүн жаш балдар үчүн бейтапканаларды жоюп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кошуп коюшту? Азыр бир гана 3 шаардык оорукана балдарга тийешелүү. Калган жерде жаш балдар ооруган чоң адамдар менен аралаш. Ошон үчүн оорукчан балдары менен кыйналган энелер дагы агрессивдүү болууда го... Негизи, 16 жашка чейин балдарга өзгөчө көңүл бурулса болмок.

Маалыматтык согушта саламаттык сактоо министрлиги утулуп калууда. Аны акыркы коронавирустагы абал көрсөттү. Кудай сактасын, Кыргызстанда бул вирус катталган жок. Мен расмий маалыматка ишенем. Бирок, өлкөдө жаман ой менен жүргөн айрым күчтөр, балким оппозициябы, айтор, ушул вирус чыккандан бери эле фейк маалымат таратып, элди дурбөлөңгө салууга аракет кылышууда. Эл  маалыматтарды вотсап аркылуу алып, ага ишенип алгандары да жакшы эмес. Саламаттык сактоо министрлиги бул жактан чабал болсо дагы, эл өзү көрүнгөн маалыматка эле ишене бербей, аларды таратаарда бир аз сабырдуу болуп, талдап, аңдап турушса жакшы болот эле. Ошон үчүн элди дагы айрым күчтөр дүрбөлөң кылып, булар жаман иштеп жатат деп баарын аларга оодарып таштаган оңой да. Жалпы элдин психалык абалы Кыргызстанда анча жакшы эмес. Анткени, жаман нерсеге бат ишенип, талдоо жок, агрессивдүү. Андан көрө жакшы жаңылыктарга көңүл буруп, музыка угуп, жандүйнөнү байытууга чакырат элем.

Эрлан БЕКЧОРО уулу, журналист:

-- Негизи эле азыркы өкмөттүн курамы чабал. Дайыма өрт өчүрүүчү машинадай гана иштешет. Алдын ала кам көрүү, чечүү себептерин талдоо дегенди окуя болгондон кийин гана ишке ашырымыш этишет. Министрлик дайыма “чечип бергиле деп өкмөткө жөнөткөнбүз, жооп келе элек” деп эле басып жүрөт. Башкысы, иштөөгө көңүлдөрү жок, элди тоготпой калышты. Кыргыз бекеринен айтпайт да “байланган ит ууга жарабайт” деп. Кайсы гана ооруканага барба, ыңгайлуу шарттарды кой, баары биринчи чөнтөгүңдү карайт. “Шартың болбосо өлүмгө даяр турушуң керек” деген ички лозунг бар. Коррупциялык иштер жалаң эле бажы тармагында болуп жаткан жок. Коррупциянын өзөгү азыр медицина тармагында да тамыры аябай кенен жайылган.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер