Алтынбек Абдуваповдун коррупцияга айыпталганына өкмөт башчынын да тийешеси барбы?

Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов, орун басары Исламбек Кыдыргычов 3,2 миллард сом боюнча айыпталышып, камакка алынышты. Булар менен кошо Бишкек шаарына караштуу төрт райондун башкармалыктарынын начальниктери кармалышкан. Атайын кызмат дуулдатышты. Бул көрүнүш элдин “канын соруу” менен коррупциянын туу чокусуна чыгышканынан кабар берет. Кызыгы, Алтынбек Абдувапов убагында Акылбек Жапаровдун жардамчысы, күзөтчүсү болгону айтылууда. Эң жакын адамын өлкөдөгү салык башына коюп, атайын схема аркылуу карапайым калктын ырыскысын ичип-жешкендериби? Кандай жагынан албайлы, ири коррупциялык көрүнүшкө жогорку жетекчилердин жоопкерчиликтери каралышы керек да, туурабы? Кадрларды ылгабай оңго-солго коё беришип, жыйынтыгында “жайлап” жатышпайбы! Акылбек Жапаров эми кантип актант ыя?..
"Азия Ньюс" гезити