Эмил Жамгырчиев, ЖК депутаты: “Мыйзам –бул жөнөкөй справка эмес, ал далай кишинин тагдырын чечет”

-- Эмил мырза, комитеттин жыйынында сиз юстиция министрлиги сунуштаган ырайым берүү боюнча мыйзамдын долбоорун сынга алдыңыз. Сиздин оюңузча, анын эмнеси туура эмес?
-- Ырайым берүү боюнча мыйзамды өтө жеңилдетип салышыптыр. Ошого байланыштуу мен өз пикиримди айттым. Сунуштарымды оозеки жана кагаз түрүндө бердим. Ал жерде эң негизгиси, азыркы мыйзам боюнча террорист, педофилдер, өзгөчө мыкаачылык менен кылмыш жасагандар бир жыл абакта отургандан кийин эле кат жазып, ырайымдуулук кылуу боюнча урматтуу президентибизге кайрылса болот экен. Буга чейинки эски мыйзамда болсо өмүр бою кесилсе он жыл отуруп, андан кийин ырайым суроого мүмкүн болчу. Өзүңүздөр көргөндөй, азыркы вариантында мөөнөттөрү өтө кыскарган. Андай мыйзамды алып келип аткандан кийин адегенде механизмдерин ойлоп табыш керек да. Эң оболу комиссиянын штаттык бирдиктерин көбөйтүү, адистерди тартуу зарыл. Менин билишимче, азыр комиссияда алты жарандык кесиптеги кишилер бар. Алардын кылмыштуулук боюнча түшүнүгү жок болушу мүмкүн, туурабы? Адегенде долбоорду алып келип, анан аны мыйзамга тууралаш керек. Мыйзам – бул жөнөкөй справка эмес да. Ал далай кишинин тагдырын чечет. Ошон үчүн мен дыкат изилдеп, анализдеп, мониторингден өткөрүүнү сунуштадым.
-- Минюстун өкүлү “биз болгону мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирмекчи болуп жатабыз” дебедиби?
-- Жок, ал боюнча кечээ комитетте далилдеп бердим. Ал киши “сиз туура айтып атасыз” деп менден кечирим сурады. Мен айткан сунуштардын баарын кабыл алмай болушту.
"Азия Ньюс" гезити