Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Күйөөм 70 миң сомдук шуба тартуулап, жок сүйүүнү жаратты...
Күйөөм 70 миң сомдук шуба тартуулап, жок сүйүүнү жаратты...
11-январь, 12:27
2 122 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мен бир жигит менен бир топ жыл сүйлөштүм. Бирок ата-энем “ал жигитиң сени тындап бага албайт” деп жуучу түшүп келген тааныштарына узатып жиберишти. Көпкө дейре жигитимди унута албай, а күйөөмдү көргүм келбей бир кызыктай абалда жүрдүм. Жакында жигитимди жолуктурдум. Мен турмушка чыгып кеткениме деле кейиген түрү жок. “Иш таппай жүрөм, жакында Москвага кетем” дейт... Күйөөм болсо жаңы жылда 70 миң сомго шуба алып берди. Бул окуялардан кийин күйөөмө мамилем өзгөрүп, жакшы көрө баштадым. Жылуу мамиледен сүйүү жаралды... Ата-эне баласын кор болбосу үчүн тилейт тура, биз болсо жамандык каалагандай кабыл алабыз. Кеч болсо да ата-энеме ырахмат айтып отурам.
Мунара