Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Данияр Чормошев: “Көп адамдар өзүнүн өмүрү менен жашабай жаткандыгы кейиштүү”

Данияр Чормошев: “Көп адамдар өзүнүн өмүрү менен жашабай жаткандыгы кейиштүү”

31-август, 20:04
1 540 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Muslimbiz.kg – мусулман бизнес форуму» сайтынын негиздөөчүсү менен маек.

-- Адамдарга эң эле чоң көйгөй – убакытты туура эмес пайдалануу. Убакытты туура пайдаланууга так, даана кандай кеңештериңиз бар?

-- Убакытты туура эмес пайдаланууну жөнөкөйлөтүп айтканда, ошол убакытты өзүнүн каалоосу менен өткөрбөй жаткандыгында. Өзүнүн каалоосу менен, өзүнүн өмүрү менен жашабай жаткандыгы кейиштүү. Жашоодо өз өмүрү, жеке каалоосу менен жашабаган адамдар көп. Мисалы, бала кичинекей кезинде ата-энесинин каалоосу менен жашайт. Бир туруп атасынын, бирде апасынын айтканын кылат.  Мектепти аяктагандан кийин апасы каалаган же атасы каалаган окуу жайга тапшырып, беш жыл каалоосуз билим алат. Анан ишке барат. Иши да өз оюндагыдай болбой, аны таштайт. Статистикада 80% ЖОЖдорду бүткөндөр өз кесиби менен иштебейт. Ошон үчүн алар баягы убакытты каалабаган ишине өткөргүсү келбейт. Туурабы? Ата-энесинин каалоосу менен ошол ишти аткарбай жатса, туура эмес болушу мүмкүн. Бирок баланын көз карашында бул туура. Бул дагы талаш суроо. Директордун көз карашында, жумушка келбей жаткан адамдыкы туура эмес. Ал эми каалабаган адам иштен кетип, башка иш табышы мүмкүн.  

Адам убактысын үчкө бөлүш керек. Биринчи бөлүгүн өзүнө, ден соолугуна, психологиялык абалына, жандүйнөсүн байытканга, Кудай менен мамилесине кетирет. Экинчи бөлүгүн үй-бүлөсүнө, жубайына, бала-чакасына арнайт. Үчүнчү бөлүктү жактырган ишине кетирүү туура. Ошол күнүгө, ай сайын, жыл сайын ушул багытта иштесе, утушка ээ болот. Кээ бирлер убактысын өмүр бою жумушка арнап коёт да, үй-бүлөлүк жашоодо бактысыз бойдон калышат. Же болбосо жумуштун запкысынан эрте каза болуп калышат. Кээ бирлер убактысын үй-бүлөсүнө арнай берип, жумушу каралбай, ишке жөндөмсүз болуп калат. 

Дагы үч нерсе керек. Адамдын каалоосу, илими жана өнөрү болушу зарыл. Бир ишти кылганга түшүнүгү жана практикасы керек. Ошол үчөө бириккенде туура болот. Адамдын каалоосу жок болуп, билими жана өнөрү болсо да иш жыйынтыксыз. 

-- Дайым чаалыгып жүрүүнүн, депрессиянын себеби эмнеде?

-- Депрессиянын эки түрү болот. Биринчи депрессия адамдын колунан келет. Адамга көз каранды. Экинчиси, адамдын колунан келбейт. Биринчи депрессия деген адам өзүнүн психологиялык жана физиологиялык абалын карабагандыктан же туура тамактанбаса, эс албаса, физиологиясын жакшы карабаса, организм чарчап, депрессияга тушугат. Экинчиси психологиялык депрессия. Бир адамды ойлой берсе, же бир адамдан көп нерсени күтсө, ал адам аз нерсе берип койсо, ошого да кыжалат болсо – бул өзүнө көз каранды депрессиялар. Көз каранды эмес депрессия – жайдын, күздүн, кыштын келиши. Мисалы “күз депрессиясы” деп коёт. Адамдар жайы менен эс алып, күз келгенде ишке келгенде депрессия болот. Жакын адамдары өтүп кеткенде да сокку болот. Депрессиянын өзүнүн колунан келген учуру болгондо өзүнө болгон ишеним, тартип аракет болсо, бул абалдан чыгып кетет. Ал эми өзүнө көз карандысыз депрессияда сабыр керек.  

“Күн баткандан кийин таң атат, кыштан кийин жаз келет” деген үмүт, жаңы жашоого умтулуу керек. Психологияда жакынын жоготкон адамдар бир жыл депрессияда болот. Эгер бир жылда бул абалдан чыкпаса, терапия керек болуп калат, б.а., терапевт менен иштешүүгө мажбур.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер