Акыркы кабарлар
» Саясат » Улукбек Ормонов мандат үчүн Элмурза Сатыбалдиевге каршы чыкса уят болот
Улукбек Ормонов мандат үчүн Элмурза Сатыбалдиевге каршы чыкса уят болот
09-август, 11:19
2 729 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Бирболчу” депутат Улукбек Ормонов эмитен эле парламенттик шайлоого даярданып, Өзгөндөн талапкерлигин коё турганын жашырган жок. Бул аймактан генерал Элмурза Сатыбалдиевдин да чыгышы күтүлүүдө. Ошондо окуя кандайча өнүгөт? Бир мандаттуу округдан эки дос күрпөңдөшө күч сынашып, каршылашып калышабы? Биздин баамыбызда, Улукбек Ормонов буга чейин депутат катары иштеп келгенин эске алып, убадаларын аткарбаганы үчүн уялып, жолду Элмурза Сатыбалдиевге бошотуп бериши шарт. Эл деле түшүнүп турат да. Мандат кумары үчүн Улуке улуп-уңшуй берсе, аягы жээкке сүрүлүп калбайбы? Реалдуулуктан алганда, өзгөндүктөр үчүн Элмурза акенин эмгеги сиңип келатат, келечекте дагы далай иштер аткарылары жашыруун эмес. Андыктан, баарыбыз жапатырмак генералыбызды колдоп, чоң саясаттагы ордуна сүрөп жеткизели!
Бөлүшүү:
Кубат КАРАЧЕВ