Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жентек той өткөргөн тургундун атасынан коронавирус аныкталды

Жентек той өткөргөн тургундун атасынан коронавирус аныкталды

16-июнь, 12:31
916 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

16-июнга карата Кыргызстанда дагы 100 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен экөө Ысык-Көл облусунун тургундары. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Коронавирус аныкталган жарандын бири Жети-Өгүз районунун тургуну. Ал 1961-жылы туулган. Буга чейин 4-июнда коронавирус анын 1997-жылы туулган уулунан табылган. Ал 22-25-май күндөрү Бишкек шаарында болчу. Андан кийин Ысык-Көл облусуна келип, жентек той өткөргөн. Тойго 20 киши катышкан.

16-июнга карата Ысык-Көл облусунда коронавирус менен жалпы 333 адам катталды. Алардын ичинен 14 адам сакайып, ооруканадан чыгарылган. Жети-Өгүз районунда жалпы 5 адамдан коронавирус аныкталып, экөө сакайды.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2472 адамга жетти. Алардын ичинен 1847 бейтап айыкты.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер