Умар Анарбаев, серепчи: “Эл менен бийликти каршы койбой, Акылбек Жапаров оюнун токтотсун!”
-- Умар агай, өкмөт башчы Акылбек Жапаров электр энергиянын тарифин байларга көтөрүүнү айткандан бери коомчулукта талкуу токтой элек. Ошондо жалпы элди кантебиз?
-- Мен министрлер кабинетинин башчысынын мындай сөзүн абсурд катары баалайм. Ал кандай шкала менен социалдык катмарды “бай” жана “кедей” деп бөлүп жатканын да билбейм. Бийлигине таянып, элди экиге бөлүп сүйлөгөнү туура эмес. Президент “элдин турмушун оңдойм, социалдык теңдикке алып келем” деп аракет кылып жатса, Акылбек Жапаровдун социалдык катмарга ажырым келтиргени одоно пикир, чоң ката болуп калды.
-- Эми элдин электр энергиясын кымбат төлөгөнгө күчү жетеби?
-- Элдин жонунан кайыш тилген саясатты токтотуш керек. Президенттин тапшырмасы менен Акылбек Жапаров кичине айлык, пенсияны көбөйтүмүш болуп, кайра электр энергиясын кымбаттатып, ашыгы менен чөнтөктөн сууруп алууга ашыкпаш керек. Себеби, анын бул аракеттери бийлик башындагыларга муш болуп калышы толук мүмкүн. Бийликтегилер Шералынын чокоюн эстен чыгарбашы зарыл. Анткени, эл кыйноого макул эмес. Электр энергиясын кымбаттатардан мурун артка кылчайып карап, революция эмне үчүн болгонун бир саамга эстеп коюшпайбы? 2010-жылы «алло» дегенде Максимдин чөнтөгү үчүн кеткен алтымыш тыйын жана кымбаттаган электр энергиясынан эл көтөрүлгөн. Атамбаевдин доорунда дагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев электр энергиясын кымбаттатуу боюнча маселе көтөргөндө, 7 дубандын патриоттору сотко берип, ал чечимин артка алууга аргасыз кылганбыз. Азыр тарифтерди көтөрүүгө көпчүлүк каршы болот. Элди дүрбөтпөй министрлер кабинетинин башчысы бул чечимин жокко чыгарышы керек. Болбосо, араң турган катмар көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Электр энергиясынын баасын жогорулатып, элдин нааразычылыгын жаратууга Акылбек Жапаровдун акысы жок. Министрлер кабинетинин башчысы бюджетти болуп көрбөгөндөй тездик менен жогорулатып жатканы чын болсо, карапайым калктын чөнтөгүнө доо кетирбей электр энергиясын кымбаттатпашы керек. Ал “ишти кыйраттым” деп президенттин алдында отчёт берип, баарын кымбаттатып, элге президентти жаман көрсөткөнүн токтотсун!
Айтмакчы, бир нерсени кымбаттатарда Европага салыштырып, “биз эң арзан электр энергиясын колдонуп, тамак-ашты да арзан алып жатабыз” деген жүйө келтирүү көнүмүшкө айланган. Мындай сөздөр элдин кыжырын огобетер келтирет. Бир нерсени кымбаттатуу үчүн Европаны мисалга алуунун өзү туура эмес. Себеби, биздин жашоону Европа менен салыштырууга такыр мүмкүн эмес.
-- Сиз жакындан билген Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгени өзгөрдүбү?
-- Мен билген Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев баштарын канжыгага байлап, мамлекетти өнүктүрүү үчүн иштеп жатышат. Кудайдын көзү түз экен, “элим үчүн башымды сайдым” деп жүрүп, бийликке жетишти. Азыр эч ким батына албаган иштерди жасап жатышат. Чынында УКТ менен күрөшүү оор. Анткени, уюшкан кылмыштуу топтор КМШ мамлекеттеринде эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде иш кылышат. Булар тобокелге барышып, ошолор менен чечкиндүү күрөш жүргүзүп жатышат. Кыскасы, коомду тазалап, мамлекетти өнүктүрүү багытын алышкан. Аягына чейин “сүмбүлдөргө” алданбай күрөштү улантышса, сөзсүз ийгилик болот.
Кейигеним: буга чейин эч ким батынбаган чоң иштерди эки дос аркалап, “мамлекеттин экономикасын жана элдин жашоосун жакшырталы” деп коомду кылмышкерлерден тазалап жатышса, Акылбек Жапаров салыкты ашыкча чогултуу жана электр энергиясын кымбаттатуу менен алек болуп, элди бийликке каршы тымызын тукуруп жаткандай. Премьер-министр “жонтериден кайыш тилгенди” токтотуп, бюджет эбегейсиз суммалар менен толукталып атса, тарифтерди көтөрүүнү айтпасын. Карапайым калк да бюджеттин ашыгы менен толгонуна ишенип, сезиши керек.
-- Акылбек Жапаровдун саясатынын түпкүлүгү эл менен бийликти каршы коюу эмеспи?
-- Эмнегедир акыркы мезгилдеги ар бир кадамы эл менен бийликти бири-бирине каршы коюуга бараткандай. Акылбек Жапаров кайраштырууну күчөтпөй, оюн кылбай, өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарышы шарт. Болбосо кызматтан кетиши керек.
-- ККМди колдойсузбу же каршысызбы?
-- Мен экономистмин. ККМге каршылыгым жок. Дүйнөлүк практикада мамлекет салык аркылуу өнүгөт. Бирок, өкмөт башчысынын экономикалык саясатындай жол менен эмес. Президенттин сөзүнөн кийин ККМ көмүскө экономиканы ачыкка чыгарыш үчүн киргизилип жатканын түшүндүм. Бирок, “ККМге өткүлө” деген шылтоо орто жана кичи бизнестерди кыспашы абзел. Акылбек Жапаров ККМди ойлоп тапканы менен системасын татаалдаштырып салыптыр. Ошон үчүн көптөр ККМи жок эле иштегиси келип жатат. Себеби, “айланткан каражатың 15 миллион сомго жеткенче салыктан бошодуң” дешкени менен ай сайын отчёт бергендин өзү карапайым адамдар үчүн чоң түйшүк жаратууда. Маселен, нан, торт жасап, үйүндө чакан цех ачып, иш кылып жаткандарды “ККМ колдон, отчёт бер, салык төк” деп кокодон алган туура эмес. Карапайым ишкерлердин баары эле бухгалтердик иш жүргүзүүнү билишпейт. Азыр “бөрк ал десе баш алган” саясат болуп, президентке ККМ боюнча башкача түшүндүрүп, чакан жана орто ишкерлердин канын соруп, кысып жатышат.
-- Эл арасында жүрөсүз, көпчүлүктүн маанайы кандай?
-- Азыр эл арасында нааразычылык арбый баштады. Дагы бир революцияны мамлекет көтөрө албайт, “жаман айтпай жакшы жок” дегендей, мамлекетти жок кылып алуу коркунучунан сактаналы. “Ачууланбай, сабыр этели! Акыл токтотуп иш кылгыла” деп көп адамдын пикирин оңдогонго, абалды түшүндүргөнгө аракет кылып жатам. Себеби, мекенибиздин бүтүндүгү биринчи орунда. Эгер электр энергиясын арзандатышпаса, эл нааразычылык акцияларына чыгышы мүмкүн.
-- Камчыбек Ташиев кечээ ломбард иштеткендер боюнча пикирин билдирди. Кандай дейсиз?
-- Камчыбек Ташиев популист эмес. Ар бир кадамын ойлонуп туруп таштаган саясатчы. Элдин жонунан кайыш тилген ломбарддар чынында эле көбөйгөн. Карайлап турган эл арзыбаган каражат үчүн үйүн, машинесин тарттырып жиберген фактылар толтура. Ошон үчүн ломбарддарга каршы күрөш баштаганы да колдоого аларлык иш.
-- Айыл чарба министринин кызматын вице-премьерге жүктөсө болобу?
-- Мен Бакыт Төрөбаевди кызматтан кеткен айыл чарба министринен жакшы иштейт деп ойлобойм. Анткени, ал трактор алып келип, элге лизинг менен бергенден башка көзгө көрүнөрлүк, же болбосо оозго аларлык иш жасаганын көргөн жокпуз. Ошон үчүн бул тармакты өнүктүрөбүз десек, мыкты кадрды министр кылышыбыз керек. Кадр тандоодо тааныш-билишке эмес, ишбилгисине басым кылбасак, ортозаар жетекчилер мамлекетти өргө тарта албай кыйналышат. Биз дагы мамлекетчил инсандарды өстүрүп, жаштарга туура багыт беришибиз керек. Себеби, келечек жаштардыкы.
-- Соңку жылдары билимдүү жаштар, бизнесмендер чет өлкөлөргө көп кете башташты. Мындай агым токтобосо, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизбейби?
-- Бул тема мен үчүн жүрөктү өйүгөн оор маселе. Буга бир топ факторлор таасир этүүдө. Менин пикиримде, негизги фактор – бул материалдык муктаждык жана да жеңил оокатка азгырылуу, түшүнбөстүк, адашуу. Бул көрүнүштү “патриоттуктан адашуу же мекенди тануу” дешке болбойт, ар бир эле кыргыз мекени үчүн күйүп-бышат. Ооба, агым токтобосо, мамлекетибиздин келечегине залакасы тийет, бирок бул нерсе убактылуу көрүнүш го...