Акыркы кабарлар
» Коом » Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы биринчи эмделген адам көз жумду
Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы биринчи эмделген адам көз жумду
26-май, 12:06
851 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы биринчи эмделген адам Уильям Шекспир көз жумду.
Басылманын маалыматы боюнча, 81 жаштагы Шекспир коронавируска тийешеси жок оорудан – инсульттан улам көз жумган. Ага Квентри университетинин ооруканасында 2020-жылы декабрь айында Pfizer вакцинасы менен эмдөө жасалган. Шекспирдин жубайы күйөөсү дүйнөдө биринчилерден болуп эмдөө алганына абдан сыймыктанчу дейт.
“Бул үчүн ал сыймыктанчу, бул тууралуу жаңылыктарды ММКдан көрүп, көптөгөн адамдардын жашоосунда боло турган оң өзгөрүүлөрдөн үмүт кылчу. Ал адамдар менен көп сүйлөшүп, ар дайым адамдарды “эмдөөдөн өткүлө” дечү” деди жубайы.