Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Тарыхый, архитектурасы көрүнүктүү имараттарды сактап калуу зарыл”

“Тарыхый, архитектурасы көрүнүктүү имараттарды сактап калуу зарыл”

01-август, 21:36
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тарыхый мурас тизмесине кирген имараттарды бузуу менен улуттук баалуулуктарыбызга шек келтирбейбизби? Убактылуу бизнес кызыкчылыктарга азгырылып, тамырыбызды кыркып аткан жокпузбу?

Жолдош Турдубаев, адабиятчы:

-- Менимче, биринчи кезекте шаардын көркүн ойлоо зарыл. Мурдагы имараттардын эң кооз, архитектуралык өзгөчөлүгү барларын бузбай сакташ керек. Жаңыдан курулуп жаткан имараттар архитектуралык ансамблдерге коошпой, жалпы көрүнүштү бузбай турган болушу шарт. Инфратүзүм шаар тургундары үчүн ыңгайлуу болушу керек. Мисалы, батыш автовокзалды талкалабай ордунда эле калтырышса жарашмак. Эгер сөзсүз жылдырабыз дешсе, анда азыр көчүрүлгөн жерге эмес, айланма жолдун шаар ичине жакыныраак жерине которушса болмок.

Ал эми пайда жагын ойлогондор шаар четине көк тиреген бийик имараттардан турган жаңы райондорду кура беришсин, адистер менен кеңешип.

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:

-- Бишкек борбор болгону менен өтө көп пайызы эски, жер тамдардан турган кварталдары бар, мисалы, Төкөлдөш, Заводской посёлок жана башкалар шаарыбыздын чок ортосунда жайгашкан. Эгер ошончо эле курулуш, жаңы имараттар зарыл болсо, ошондой жерлерге жаңылап салса жарашат. Эски, тарыхый делген имараттардын тизмесин комиссия курамы менен ачык кайра карап чыгуу зарыл. Мүмкүнчүлүк жаралса, чындап тарыхый, архитектурасы көрүнүктүү имараттарды сактап калуу керек. Борборубузбу, Ош же башка шаар болобу, өзгөртүү, куруу, инфраструктура түзүү жана башка аракеттердин баары илимий негизде түзүлгөн генералдык пландын негизинде жүргүзүү керек. Бүгүнкү шаар башчылары өзүм билемдик менен кечээгини талкалап, жеке деңгээли менен эртеңкини аныктабаганы оң. Шаар куруу, өнүктүрүү илимий негизде гана өнүгүшү шарт. Бүгүн Бишкекте жашоо дээрлик мүмкүн болбой калды. Мындай шартта тарыхый мурас, архитектура ж.б. деле маанилүү баалуулуктарын жоготууда.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер