Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Кризисти биз жакшы жагына да пайдалансак болот”

Марлен Маматалиев: “Кризисти биз жакшы жагына да пайдалансак болот”

04-март, 09:00
641 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марлен мырза, Россия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу түзүлгөн кырдаал бизге канчалык терс таасирин тийгизет деп ойлойсуз?

-- Тилекке каршы, болуп жаткан окуялар бизге сөзсүз өз таасирин тийгизет, биз андан кача албайбыз. Биздин товар алмашуубуз боюнча Россия биринчи орунда турат. Бул бир жагы. Экинчи жагы, ал жакта биздин мигранттарыбыз бар. Алар жылына 2 миллирад доллардын тегерегинде акча жиберишет. Бирок, бул кризисти биз жакшы жагына да пайдалансак болот. Россия тарап мындан ары баардык соода-сатыкты доллардан рублга өткөзөбүз деди. Демек, бул биздин рынокко чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Газды, күйүүчү-майлоочу майларды биз буга чейин доллар менен алчу элек. Эми рублга өткөндүгүнө байланыштуу алардын баасы арзандайт. Андан сырткары, курулуш материалдарынын да баары бизге ошол жактан келет. Алардын баарын эми рубль менен сата баштаса, арзандашына мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Биз ошол мүмкүнчүлүктү пайдалануубуз керек.

Бирок, бир тобокелчилик бар. Бизде чыгарылган товарлар эми арзаныраак сатыла башташы мүмкүн. Биз ага карабашыбыз керек. Себеби, алар экспортко гана рублду колдонуп жатышат, биз доллар менен сатсак болот. Алардын Европа менен соода-сатыгы жабылгандыгына байланыштуу Россиянын ишканалары Европадан алган сырьелорду бизден канчалык деңгээлде ала алат, бизде кайсынысы бар деген анализди тез арада жүргүзүп, алар менен чогуу корпорация түзөбүзбү же инвестиция тартабызбы, айтор, Кыргызстанда көп нерсени ачып алсак болот.

-- Жумушчу күч арзандап, айлыктар азайгандыгына байланыштуу мигранттардын кайра агылып келүү коркунучу жокпу?

-- Албетте, рублдун куну өтө эле түшүп кетсе, ал жакта иштегендин пайдасы жок болуп калат. Бул жакка келишкенде баарына жумуш жок. Анда биз Казакстан болобу, же Түштүк Корея, Япония жак болобу, альтернативалык рынокторду издеп, ТИМ квоталарды алып, мигранттарыбызга жардам беришибиз зарыл болот.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер