Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үч өспүрүм каза болуп, беш эркек киши жабыркады

Үч өспүрүм каза болуп, беш эркек киши жабыркады

02-сентябрь, 12:05
649 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалал-Абадда жеңил унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясына кулаган. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, дагы беш адам ар кандай жаракаттарды алганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Таш-Көмүр шаарынын Бишкек–Ош унаа жолунун 449-чакырымында “Тойота Виш” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, Нарын дарыясынын жээгинен болжол менен 50-60 метр бийиктиктен түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки кыз жана 9 жашар бала каза болуп, беш эркек киши ар кандай жаракаттарды алган. Учурда каза болгон жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.

Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, "тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен" дешти мекеменин басма сөз кызматынан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер