Акыркы кабарлар
» Саясат » Бабановго дубай салам айттыргандар эмнеге көбөйө баштады?
Бабановго дубай салам айттыргандар эмнеге көбөйө баштады?
13-июль, 19:12

Аз күн мурда РАЖ фракциясынан депутат Максат Сабиров бийликке каршы аттанганын билдирип, тарапташтарын көтөрүлүүгө чакырганы белгилүү болгон. Аудио аркылуу үгүт иштерин ашынтып. Өмүрбек Бабановдун көздөй адамы жөн жерден радикалдашмак эмес... Көп өтпөй чиновниктердин арасында кызык жагдай жаралганын байкадык. Бабановго тымызын дубай салам айттыргандар чыга башташыптыр. “Алдын-ала көңүл алалы, кокус бирдеме болуп кетсе...” дегендер эки фронтко ойногон кербездериби? Айтор, соңку убакта тынчып жаткан таластык тыңчыкмаларга да жанданып калышыптыр. Даярдыктары быштыбы? Сыягы, бийликке болгон элдин нааразычылыгы чыңалып бараткан чакта бир балээнин ичинен чыгышпайбы?..
Aryba.kg