Акыркы кабарлар
» Коом » Кытайдын түштүгүндө "омикрондун" жаңы түрү аныкталды
Кытайдын түштүгүндө "омикрондун" жаңы түрү аныкталды
04-апрель, 17:23
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌"Омикрон" штаммынын BA.1.1 деген жаңы варианты Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясындагы Сучжоу шаарында табылды.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча шаардык борбордун маалыматына караганда, илдеттин жаңы түрү 28-мартта аныкталган. Аны изилдеш үчүн убакыт керек экени айтылды.
Алгачкы жолу "омикрондун" жаңы түрү 2021-жылы Ботсвана менен Түштүк-Африка Республикасында табылып, вирус B.1.1.529 деп белгиленген.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирус инфекциясы 487 миллион адамга жугуп, 6,1 миллиондон ашык киши көз жумган.