Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекбосун Бөрүбашев: “Жаңы Башмыйзамда президент баардык бийликти ала албайт”

Бекбосун Бөрүбашев: “Жаңы Башмыйзамда президент баардык бийликти ала албайт”

11-январь, 11:54
1 247 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бекбосун агай, сиз конституциялык кеңешмени жетектөөдөсүз. Кээ бир маалымат каражаттары жана мамлекет үчүн күйүмүш болгон бейөкмөт уюмдар сизди бура бастырбай, атүгүл мамлекеттик кылмыш кылып жаткансып, коркутууларга чейин баргансыды, буга кандай деп жооп берет элеңиз? Ушул жаңы жазылып жаткан Конституцияга кийин жоопкерчилик тартып калбайсызбы?

-- Кыргызстанда адамдардын эркин ойлонгонго укугу бар. Ошол себептен 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан Башмыйзамыбызда өтө көп кемчиликтери менен катар проблемалар дагы улам жаралып турду, муну моюнга алышыбыз керек. 4-октябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоо буга эң сонун далил болуп бере алат. Андан мурунку жаз, жай айларындагы коронавирус пандемиясы, ошол убакта мамлекеттин алсыздыгы, жоопкерсиздиги, коррупцияга белчесинен баткандыгы, экономиканын төмөндөшү, деффицит бюджеттин 35 миллиард сомго жетиши – ушунун баары жылдап чогула берип, акыры ушундай кадамга бардык. Мага бир чети бийлик тараптан сунуш түштү, экинчиден, буга чейин өзүмдүн юрист коллегаларым менен Башмыйзамдын долбоорун жазып жүргөнбүз. Ошон үчүн Башмыйзамды жазышканга макул болдум. Коомдо адамдын ой-пикири, көз карашы туура эмес болуп калса, аны сындаганга болот, бирок коркутуп-үркүтүп эмес. Эми жаңы Башмыйзамдын долбоору жазылып жаткандан кийин биринчи кезекте аргументтүү сунуштардын, ал гана эмес сын пикирлердин болуп турганы жакшы. Биздин жетишпеген жагыбызды көргөзүп турушса, жетишкенге аракет кылабыз да. Жок, антпей эле бир жактуу жамандап, жеке адамдык касиетке асылуу туура эмес. Сиз жана сөзүңүздүн башында айтпадыңызбы, “кылмыш кылгансып” деп, эгер жазып жаткан Башмыйзамыбыз 2010-жылдагыдай начар чыгып кала турган болсо, биз анда моралдык, илимий жана саясый деңгээлдерде жооп беришибиз мүмкүн, а кылмыш жоопкерчилигинин бул жерде эч кандай болушу да мүмкүн эмес. Биз колдон келишинче ачык иштеп жатабыз, болгон сунуштардын баарын кабыл алып, аны Башмыйзамга киргизгенге аракет кылып, Башмыйзамдын нормаларына кирбей калган сунуштардын баарын ал жактан кийин мыйзам чыгарганда ошол элдин үнүн пайдалангыдай кылып юстиция министрлигине өткөрүп беребиз.           

-- Эгер 10-январда элдин басымдуу бөлүгү “президенттик башкарууга макулбуз” деп добуш берсе, жаңы жазылып жаткан Конституциянын долбоорундагы парламентке келүүчү депутаттардын саны 90 киши (анын ичинен 55 партиялык система жана 35 бир мандаттуу, можаритардык система) деп жазылып жатат. Сурайын дегеним, 90 депутат бир гана мыйзам жазабы, же мурункудай кадрдык саясатка жана чарбалык иштерге кийлигишип жүрө береби? Анда элдик курултай институтунун ролу канчалык?                  

-- Жогорку Кеңештин депутаттарынын негизги иши мыйзам чыгаруу жана аны көзөмөлдөөчү орган. “Эл өкүлү болгондон кийин бюджетти бекитип, отчетун укканга жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызматка коюп жатканда кандайдыр бир деңгээлде катышат” деп Башмыйзамыбыздын долбоорунда камтылган. Ошондуктан кайсы бир деңгээлде мүмкүнчүлүктөрүн теңдеп коюш керек, алар дагы эл өкүлдөрү. Ал эми “президент баардык бийликти бир колго топтойт экен” деген бул эми суу кечпеген сөз. Сиз айтып жаткан курултай институту 10-15 жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Бул коомдун талабы, бирок мамлекеттик орган болбойт. Элдик курултай болгондон кийин коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү, элдин үнүн бийликтегилерге жеткизип, коомдун өнүгүүсү боюнча өздөрүнүн ой-пикир, сунуштарын берип, кайсы бир мамлекеттик документтерге, ар кандай мыйзам долбоорлорго өздөрүнүн көз карашын билдирип, ошол боюнча жалпы элдин калың катмарына жеткизип турушат. Муну менен биз эл өкүлдөрү менен коомдук, элдик курултай институту бийликти тең салмактап турат (!) деген ойдобуз. Биз азыр элдик курултай боюнча иштеп жатабыз, азыр ага чекит коюу али эрте.        

-- Президенттик башкарууда өкмөт башчы жоюлуп жаткандан кийин  президенттик аппарат жоюлабы же өкмөттүн аппараты кыскарабы? Элге ушул жери бүдөмүк болуп тургандай. Же бир эле учурда президент эки аппарат менен иштеше береби? Бул жагы кандай болот?

-- Биз муну карап жатабыз, президенттик башкаруу институту болуп жана аткаруу бийлигинин башында туруп жаткандан кийин, президенттин жана өкмөттүн аппараттары жоюлуп, сөзсүз бир эле аппаратты жөнгө салып иштеш керек. Муну биз так, даана жазып, Башмыйзамга киргизип коюшубуз абзел.

-- Текебаевдин 2010-жылдагы Башмыйзамы менен азыркы сиз башында туруп жазып жаткан Башмыйзамдын кандай айырмачылыгы бар?

-- Биз жазып жаткан Башмыйзамда биринчи кезекте мамлекеттик ишке ким жооп бере турганы так жазылат. Көрдүк го, пандемия учурунда эч ким эч нерсеге жооп бербей, бири-бирине шылтап басып жүрүшкөнүн? Азыркы учурда мамлекеттик бийликтин эл алдында кимиси жооп берерин тактап жатабыз. Андан тышкары, мамлекеттик бийликтин ар биринин функционалдык аткаруу ишин так көргөзүп, ошого жараша ыйгарым укуктарын, аткара турган функциясына жараша тең бөлүштүрүп, булардын жоопкерчилигин дагы карап жатабыз. Биз “конституциялык укуктук жоопкерчилик” деген түшүнүктү биринчи жолу Башмыйзамга киргиздик. Анткени көпчүлүк элдин талабы “мамлекеттик бийлик Конституциянын алкагында, Конституциянын укугунун чегинде качан жооп берет? Эмне үчүн жооп бербейт?” деп 30 жылдан бери талашып-тартышып келатышпайбы? Мына ушундай укуктук, жоопкерчилик ченемди киргиздик. Ким эмнеге жооп берет жана эл кимден сурап алары дагы так жазылды. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер