“Жүк-200дү» коштоп келгендерден да коронавирус аныкталып жатат

Ош облусунун Алай районунда 1-майдан тарта иштей баштаган ишканалардын, ашканалардын жана башка жайлардын ээлерине санитардык талаптарды аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов «Турмуш» басылмасына билдирген. Анын айтымында, райондо күчөтүлгөн тартип менен иш алып барылууда.
«Кийим-кече саткан соодагерлерге санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаал режими киргенден тартып жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Май айында эле Алай районуна Россиядан 5 жолу «Жүк-200» келди. Анын ичинен эки жолку келген жүктү коштоп келген эки жарандан илдет аныкталып калды.
Сырттан келген жарандардан посттордон эле дароо анализ алынып, таза чыккандарын үйүнө чейин жеткирип жатабыз. Буга чейин уруксат берилген ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн да текшерүүгө алып, эскертүүлөр берилген» деди Осмонов.
Белгилей кетсек, коронавирустун басымдуу бөлүгү чет өлкөдөн келгендерден табылып жаткандыгын саламаттык сактоо министрлиги да тастыктаган. Министрликтин өкүлү Нурболот Үсөнбаевайткандай, COVID-19 инфекциясы акыркы учурда алыскы жолдон келген айдоочулардан жана «Жүк-200дү» коштоп келгендерден аныкталып жатат.