Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Министр Кендирбаева кечирим сурап эле чектелбеши шарт”

-- Аида Исатбековна, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Сузак районундагы балдар бакчасында сабалган балдардын ата-энелеринен кечирим сурады. Сиз министр айымдын бул аракетин кандай баалайсыз?
-- Менин көз карашымда, бул туура эмес. Себеби, министр Кендирбаева кечирим суроо менен бир эле учурда ушундай окуялар көп жолу болгонуна байланыштуу (биринчи эле жолу болуп жаткан жок да), “биз мындай аракеттерди жасайбыз, бүгүнтөн баштап мен тапшырма бердим, ар бир бала бакчалардын башчылары, райондук, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары момундай иштерди алып барууга тийиш, мындан ары жанагындай жагымсыз окуялар кайталанбайт” деп айтышы керек болчу. Кечирим сурап коюп эле чектелгендей ал балдар бакчасынын башчысы эмес да. Балдар бакчасынын башчысы деле “коллективге мындай тапшырма бердим, буюрса, момундай иштер жасалат, анын натыйжасында жанагындай учурлар кайра кайталанбайт” деши керек эле.
-- Сиз өзүңүз балдарыңызды бакчага бересизби? Эгер берсеңиз, алар үчүн санааңыз тынчпы?
-- Мен өзүм үч баланын энесимин. Балдарымдын улуусу бешинчи, ортончусу үчүнчү класста окуйт, эң кенжем үч айлык. Эки балам бакчага барышкан. Албетте, баардык энелердей эле тынчсызданам. “Балам кандай тарбиячынын колуна тийет? Кандай мамилеге туш болот?” деп сарсанаага батасың. Бала бакчаны тандап атканда сурайбыз, “тарбиячылары кандай? Видеокамерасы барбы?” деп. Бирок, видеокамера турган бакчаларда деле жанагындай балдарга кол көтөргөн окуялар болуп атпайбы. Албетте, баланы өзүң караганга эч нерсе жетпейт деңизчи, бирок бул турмуш талабы экен, иштешиң керек болот. Ошол зарылчылыктан улам балдарды бакчага бергенге аргасызбыз.
"Азия Ньюс" гезити